Нарын шаарында жаңы жылдык кечелерди уюштурууга тыюу салынды

Нарын шаарынын мэриясы 11-декабрдагы жыйында эпидемиологиялык абалды талкуулап, бир катар чектөөлөрдү киргизди. Мындай чечим коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынган. Чектөөлөр төмөнкүдөй:

  • жаңы жылдык кечелер уюштурулбайт;
  • 50дөн ашык орундуу кафе, ресторандар иштебейт;
  • банктар банкоматтардагы кезектерди жөнгө салып, санитардык талаптарды аткарууга тийиш;
  • орто мектептерде класстарды желдетүү, нымдуу тазаланып санитайзерлер жетиштүү коюлушу шарт;
  • мектептерде сабактардын ийкемдүү жадыбалы толук аткарылышы керек;
  • базар жана ири соода түйүндөрү санитардык тазалоо күндөрүндө тазалоону талаптагыдай аткарууга тийиш;
  • медицина кызматкерлери, ооруканаларда орундар жана дары-дармектер жетиштүү камсыздалышы керек;

«Нарын шаардык мэриясы текшерүүлөрдү күчөтүп, белгиленген нормаларды аткарбаган тарапка айып пул салат. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоо менен чара көрүлөт», — деп жазылат шаардык мэриянын маалыматында.

Аймактардагы эпидемиялык кырдаалды жергиликтүү бийлик аныктап, тигил же бул мекеме-ишкана, кафе-ресторандардын иштешине уруксат берет. Ошондой эле мектептердин ачылып-ачылбай турганы дагы алардын чечиминен көз каранды.

Нарын шаары боюнча жалпы 8 мектеп, 7 бала бакча бар. Учурда мектептерде 1 - 9 - 11-класстын окуучулары окуп жатат. Ал эми бала бакчалар жабык.

«Нарын облусу боюнча 6 адам КОВИД-19 жана пневмония оорусу менен ооруп жатат. Алардын экөөсү Нарын шаарынан. Эгер абал туруктуу болсо мектептерде 5-класстын окуучулары да окуп баштайт. Андан тышкары ишкерлердин суранычы боюнча кафе-ресторандардын ишине уруксаат берүү маселеси каралууда», — дейт мэриясынын басма сөз катчысы Нурзада Мукашова.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 11-декабрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус 76 391 кишиге жукту. Анын ичинен 1306 бейтап каза тапты, 68 894 адам болсо сакайды.