Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 297 учуру катталып, 398 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 13-декабрда өлкөдө коронавирустун жаңы 297 учуру катталганын маалымдады. Коронавирус инфекциясын жуктургандардын арасында төрт медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 93 (бир медкызматкер);

Чүй облусу — 66;

Ысык-Көл облусу — 57 (бир медкызматкер);

Жалал-Абад облусу — 25 (эки медкызматкер);

Баткен облусу — 17;

Ош облусу — 16;

Талас облусу — 9;

Ош шаары — 9;

Нарын облусу — 5.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 398 бейтап сакайды — алардын арасында 11 медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 122, Чүй облусунда — 101, Жалал-Абад облусунда — 52, Ысык-Көл облусунда — 36, Баткен облусунда — 35, Ош облусунда — 24, Талас облусунда — 12, Ош шаарында тогуз жана Нарын облусунда жети бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 77 356га жетти. Анын ичинен 70 192 бейтап айыгып, 1 307 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 086 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 94 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 2 898 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.