Сүрөт Тургунова/Instagram

Матраимовдун үй-бүлөсү ээлик кылган Дубайдагы мурда белгисиз кымбат баалуу пентхаусту журналисттер ачык булактарды казып отуруп таап чыгышты.

Ал тууралуу алгач «Фейсбукта» бул үй-бүлөнүн балдарын баккан филиппиндик аял ачыкка чыгарган. 2016-жылы 6-ноябрда Teresita Renante аттуу аял жаңы батирде тартылган видео экскурсия жарыялап, «бул менин боссумдуку» деп сыпаттаган. Видеодо ал «бул жерди биз жаңы эле сатып алдык» деп баяндайт.

Видео тарткан аял айтып жаткан «боссу» Уулкан Тургунова – Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы. Социалдык сайттарда Тургунова «Аманда» деген ат менен таанымал.

Teresita Матраимовдорго иштегени кантип билинди?

2017-жылы июнда Teresita Тургунова менен сүрөткө көп түшкөн Чолпон Медерованын «Инстаграмдагы» постунун алдына комментарий калтырган (азыр Медерова ал постту өчүрүп салган). Teresita «Аманда кожойкесин» сагынып жатканын жазып, анын иштери кандай деп сурайт:

Teresita деген коллдонуучу Медерованын постунун алдына жазган комментарийинде «boss Amanda» деп кайрылат. (Teresita деген колдонуучунун «Instagram» баракчасынан алынган)

(Чолпон, кандайсың... Силерде баары жакшы деп үмүттөнөм. Менин кожойкем Аманда кандай. Аны абдан сагындым. Айрыкча биздин Ысык-Көлдө чогуу өткөргөн маалды... баарыңарды сагындым... )

Teresita «Фейсбукка» бул үй-бүлөнүн балдары менен да сүрөттөрүн чыгарган.

Teresita Матраимовдун балдары менен. (Teresita деген колдонуучунун «Фейсбуктагы» баракчасынан сүрөттөрдү OCCRP топтогон).

Ал ошондой эле жеке менчик фитнес залдагы сүрөттөрүнүн коллажын жарыялаган. Комментарийлерде бул жай анын кожойкеси (филиппин тилинде «amu») «үйүндө» жайгашканын түшүндүрөт. Тургунова жана анын уулдарынын бири да ошол эле фитнес залдан сүрөт койгон.

Teresita, Тургунова жана анын уулдарынын бири да ошол эле фитнес залдан сүрөт койгон. (Teresita деген колдонуучунун «Фейсбук», Тургунованын «Инстаграм», Матраимовдун «Инстаграм» баракчаларынан алынды. OCCRP сүрөттөрдү топтоду).

Матраимовдун үй-бүлөсү бул апартаментти сатып алганына кандай далил бар?

Teresita апартаментте тарткан видеодо «Дубайдагы бул үйдү тазалап жатабыз, анткени жаңы эле сатып алдык» деп баяндайт.

Тургунованын 2016-жылдын ноябрына чейинки сүрөттөрүнөн «Le Royal Méridien» жана «Atlantis The Palm» сыяктуу кымбат мейманканаларда токтогонун көрсө болот. Teresita тарткан видеодон кийин Тургунованын постторунда мейманканадан эмес, апартаменттен түшкөн сүрөттөрү көбөйгөн.

Видео экскурсиядан бир күн мурдараак Teresita Дубайдагы апартаменттен түшкөн ондогон сүрөтүн «Менин кожоюнумдун үйү...» деп жарыялаган:

Teresita тарткан Матраимовдордун Дубайдагы жаңы апартаментинен сүрөттөр. (Teresita деген колдонуучунун «Фейсбуктары» сүрөттөрүн OCCRP топтогон).

Кийинки жылы Тургунова балдары менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарган. Таанымал кооз тепкич дароо көзгө урунат.

Тургунова Дубайдагы жаңы апартаментте. (Тургунованын «Фейсбуктагы» сүрөттөрүн OCCRP топтогон).

Тургунова апартаменттин ичинен дагы бир нече сүрөт койгон:

Тургунова Дубайдагы жаңы апартаментте, 2017-жыл. (Тургунованын «Инстаграм» баракчасынан алынган сүрөттөр).

Апартаментти кантип таптык?

Teresita апартаменттин терезесине туруп түшкөн бул сүрөт имарат кайда жайгашканын аныктоого жардам берет:

Teresita Матраимовдордун Дубайдагы жаңы апартаментинин терезесине туруп түшкөн сүрөт. (Teresita деген колдонуучунун «Фейсбук» баракчасынан алынган сүрөт).

Cүрөттөн жарым аралдагы пляж, деңиздеги жашыл жана күлгүн кызыл түстүү объектилер даана көрүнөт.

Дубайдын таанымал «Жумейра Бич Резиденси» (Jumeirah Beach Residence) районундагы комплексте үч объект тең бар. Суунун үстүндөгү объект - ал жердеги аквапарк үстүнөн караганда «I ❤️ Dubai» деген жазуу болуп көрүнөт.

«Жумейра Биичтин» Teresita турган видеодон көрүнүшү. (Булагы: OCCRP) .

Районду аныктап алгандан кийин имаратты издегенге кириштик. Ал жерде көп кабаттуу мунаралар бир нече. Сүрөт тартылган бийиктик, анда көрүнгөн аквапарк тараптагы пляж жактагы бурчту эсепке алганда бир гана имарат дал келди:

«Ал-Фаттан Марин Тауэрс» турган жер. (Булагы: OCCRP).

50 кабаттуу имарат - «Ал-Фаттан Марин Тауэрс» (Al Fattan Marine Towers) деп аталган кош мунаранын бири. Анын чоң терезелери Teresita түшкөн сүрөткө төп келет:

«Ал-Фаттан Марин Тауэрстин» терезеси Teresita койгон сүрөткө дал келет. (Булагы: OCCRP).

Инстаграмдагы «Ал-Фаттан Марин Тауэрс» деген сүрөт дал ошол панораманы, пляжды жана аквапаркты көрсөтөт:

«Ал-Фаттан Марин Тауэрстин» терезеси менен Teresita койгон сүрөттөн пляж бирдей көрүнөт. (Teresita деген колдонуучунун «Фейсбуктан» жана riseldasejdija деген колдонуучунун «Инстаграм» аккаунттан алынган сүрөт).

Имаратты тапкандан кийин апартамент кантип аныкталды? Teresita видео тартып жатканда тепкич менен көтөрүлүп, апартамент дуплекс (эки кабаттуу) экенин көрсөтөт. Имараттын ички чиймеси боюнча буга 50-кабаттагы пентхаус гана туура келет. Анын терезелеринен айлана-тегерек алаканга салгандай көрүнөт.

Андан сырткары Тургунова 50-кабатка көтөрүлүп баратып лифттен түшкөн сүрөтү «Ал-Фаттан Марин Тауэрстеги» лифттин сүрөтүнө дал келет.

Тургунованын лифттен түшкөн сүрөтү «Ал-Фаттан Марин Тауэрстен» тартылган башка сүроткө төп келет. (Тургунованын жана walidalgharably деген колдонуучунун «Инстаграмдан» алынган сүрөттөрү).

Мактанычтуу сапар

Быйыл январда Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов «Инстаграмга» Дубайда баасы 200 миң долларлык «Mercedes Brabus G700» үлгүсүндөгү машинеден тартылган сүрөт койгон.

Google Maps view анын «Ал-Фаттан Тауэрске» барганын тастыктайт.

Бул апартамент канча турушу мүмкүн?

Дубайда кыймылсыз мүлккө байланыштуу маалымат купуя сакталгандыктан, Матраимовдор бул пентхаусту канчага сатып алганын далилдеген документтер жок.

Ошол эле имараттагы дал ушундай пентхаустун азыркы сатыкта турган баасы 3,850,000 дирхам (1 миллион долларга чукул каражат).

Аманда бул апартаменттен сүрөттөрүн жарыялаган маалда анын күйөөсү Райымбек Матраимовдун расмий маянасы 71 миң сом (1000 доллардай) эле. Анда бул үй-бүлө кантип мындай кымбат үй-жайды алды болду экен деген суроо туулат.

Анын декларациясында бул апартамент тууралуу сөз жок.

Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн байманасы ашып-ташыган жашоосу тууралуу бул иликтөөнү да окуңуз.