Булагы: Тургунова/«Одноклассники»

Журналисттер ачык булактар аркылуу иликтөө ыкмаларын колдонуп, Матраимовдордун үй-бүлөсү Ысык-Көлдүн жээгиндеги байма-бай каттап турган коттеджди таап чыгышты.

Иликтөө кыргыз бажысынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын социалдык сайттардагы аккаунттарынан алынган маалыматка негизделген. Тургунова социалдык сайттарда «Аманда» деген ат менен катталган.

2015-2019-жылдар аралыгында Тургунова «Инстаграм» жана «Odnoklassniki» тармактарындагы баракчаларына өзүнүн жана балдарынын «Karven Four Seasons» эс алуу жайындагы сүрөттөрүнүн бир нече коллажын чыгарган.

Ал «Karven 4-Season» деген белги койгондуктан, сүрөттөр кайдан тартылганы белгилүү.

(Сүрөттөр Тургунованын «Odnoklassniki» соцтармагынан алынды).

Но было неясно, приезжает ли семья Матраимовых просто отдохнуть на озере или они владеют одним из коттеджей в курортном комплексе?

На некоторых фото мы видим Тургунову с подругой Чолпон Медеровой. Обе нередко появляются друг у друга на снимках и часто обмениваются комментариями.

На одном из фото, которое Медерова разместила в августе 2014-го, она рядом с беременной Тургуновой. Подпись к фото гласит: «Спасибо Аманде за прекрасный отдых». У Медеровой есть еще одно фото, также снятое летом 2014-го: на нем маленький мальчик и много велосипедов. Подпись: «У Аманды целый автопарк».

(Медерованын «Odnoklassniki» соцтармагындагы сүрөттөрүн OCCRP топтогон).

Эки комментарий тең Медерова курбусу Тургунованын үйүндө эс алганын ишарат кылат.

Тургунова өткөн жайда жарыяланган сүрөт бир топ суроого жооп тапканга жардам берет. Кынаптап коюлган кыш Медерова былтыр койгон сүрөткө дал келет. Сары кыш менен ак түстөгү арка «Карвен» эс алуу жайынын архитектурасына төп келет (оңдо). Ак арканын алдындагы айнек дубал ижарага берилген коттеждерде жок, демек бул үй-бүлөгө тиешелүү коттедж деген ойго жетелейт.

(Тургунованын «Инстаграмдагы» баракчасынан, «Lalafo» сайтынан алынган сүрөттөрдү OCCRP топтоду).

Тургунова «Карвендеги» коттедждердин бирине байма-бай каттап турган, андыктан ал жерди ижарага алышы мүмкүн деген ойду четке кагат.

Кайсы коттедж болду экен?

2014-жылкы жандоочтон тартылган картага карасак, азыр салынган коттедждердин жарымы ал кезде жок. Сүрөттүн сол тарабында салынып бүтө элек үйлөр тартылган.

(Сүрөттүн булагы: «Google Maps»)

Кабарчылар сүрөттүн оң тарабындагы коттедждерге жакшылап көңүл бурушкан.

Тургунова жарыялаган эки сүрөт, анын бири Медерова менен чогуу түшкөнү бул сүрөткө кошумча түшүндүрмө берет. «YouTube» каналына чыккан, дрондон тартылган видео «Карвенде» бак-шак менен курчалган эки гана үй бар экенин көрсөтөт.

(Медерованын «Odnoklassniki» жана Тургунованын «Инстаграм» баракчаларынан алынган сүрөттөр. Artem Klimenko деген колдонуучунун «YouTube» каналына койгон видеосу).

Дрондон тартылган башка видеону кабарчылар карап отуруп, бак-шактуу коттедждин бири Матраимовдун үйүнө төп келерине ынанышкан:

(Sergey Baimov деген колдонуучунун «YouTube» каналына койгон видеосунан алынган сүрөт).

«Google Maps» аркылуу бул коттедж табылган соң кабарчылар үйгө барган жол үйдүн дубалдарына түз перпендикулярдуу эмес экенин байкашкан. Ошондой эле ал жер Медерова менен Тургунованын сүрөттөрүнө да төп келет.

(Булактар: Медерованын «Odnoklassniki» жана Тургунованын «Инстаграм» баракчаларынан алынган сүрөттөр жана «Google Maps»).

Журналисттер жердин реестрин алып, үй Матраимовдорго тиешелүү экенин аныкташкан. Ал мүлк Райымбек Матраимовдун иниси Тилекбек Матраимовдун аялы Динархан Алайчиевага катталган экен.

Тургунова «Карвенден» 2019-жылдан бери сүрөт койгон эмес, бирок үй-бүлөдөн жок дегенде бирөө ал жерге барып турганы байкалган.

Быйыл июнда «Твиттердин» колдонуучусу Райымбек Матраимовдун уулу Бакай «Карвендин» ичинде «Aston Martin» үлгүсүндөгү машинени айдап бараткан сүрөтүн чыгарган. Ал ошондой эле Матраимовдордун үйүнүн алдындагы жолдо турган «Porsche Cayenne» машинесинин сүрөтүн да жарыялаган.

«Твиттерге» жарыяланган «Карвендеги» Матраимовдордун коттеджинин алдындагы «Porsche Cayenne» машинесинин сүрөтү.

Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн байманасы ашып-ташыган жашоосу тууралуу бул иликтөөнү да окуңуз.