Кыргызстанда коронавирустун жаңы 236 учуру катталды — жалпы 77 910 учур

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 15-декабрда өлкөдө коронавирустун жаңы 236 учуру катталганын маалымдады. COVID-19ду жуктургандардын арасында эки медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусу — 82;

Бишкек шаары — 51;

Ысык-Көл облусу — 47 (бир медкызматкер);

Жалал-Абад облусу — 24 (эки медкызматкер);

Ош облусу — 9;

Баткен облусу — 6;

Талас облусу — 6;

Ош шаары — 6;

Нарын облусу — 5.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 417 бейтап сакайды — алардын арасында 11 медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 118, Чүй облусунда — 95, Ош шаарында — 43, Жалал-Абад облусунда — 41, Ысык-Көл облусунда — 38, Ош облусунда — 32, Баткен облусунда — 27, Талас облусунда — 15 жана Нарын облусунда сегиз бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында жана Чүй облустарында экиден бейтаптын өмүрүн алды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 77 910го жетти. Анын ичинен 70 867 бейтап айыгып, 1 316 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 1 948 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 86 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 2 904 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.