Бишкектин Эне-Сай конушунун кире бериши. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов / Kloop.kg

Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу Эне-Сай жаңы конушунун тургундары 2 жыл мурда башталган канализациянын жана жолдун курулушунун дагы деле бүтпөй жатканына нааразы. Ошондой эле, алар иштин сапатына да күмөн санап жатышат. Жергиликтүү бийлик болсо иштин кечеңдегенин пандемияга байланыштырууда.

Эне-Сай жаңы конушу Бишкек шаарынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Учурда бул аймакта жети жүзгө чукул түтүн эл жашайт. Жаңы конуш деп аталганы гана болбосо, анын түптөлгөнүнө дээрлик 30 жылдан ашкан. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, бул конуш менен катар түптөлгөн Ак-Өргө, Көк-Жар андан кийинки Арча-Бешик конуштарынын учурдагы абалы менен Эне-Сайдын инфраструктурасын салышытырып болбойт.

Эне-Сай конушунун тургундары. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов / Kloop.kg

«Үч негизги жолду үч башка жумушчулар келип салды»

2018-жылы Эне-Сай конушуна канализация киргизүү иштери башталган. Бирок эки жылдан бери бүтө элек. Канализациянын бүтпөй жатышы жергиликтүү тургундар үчүн бир топ түйшүктөрдү жаратат.

«Мына ушул күнгө чейин же канализация, же жол бүтө элек. Бюджеттен канча акча бөлүнгөнү, кайсы фирма, же компания ишке ашырып жатканы тууралуу деле жергиликтүү элдин маалыматы жок. Айтор, ар кандай эле адамдардын иштеп жатканын көрөбүз. Үч негизги жолду үч башка жумушчулар келип салды. Жерди казып трубаларды көмгөндө деңгээлин текшергенин же топурагын көргөн жокпуз. Иштин сапаты стандартка жооп берген жок», — деп белгиледи жашоочулардын бири Муктарбек Жолчубаев.

Канализациянын курулушу бүтпөй жаткандан улам жамгыр жааган күндөрү түтүктөр өткөн кудуктарга суу толуп, трубаларга зыян берип жатканын айтышты. Эгер ушул бойдон дагы бүткөрүлбөсө, кийин канализация толук кандуу иштей албайт деп эсептешет.

«Менин жолдошум сантехник болуп иштейт. Канализациянын курулушу талапка жооп бербегени аз келгенсип, жамгыр жааган күндөрү трубаларга суу менен кошо акыр-чикир толуп атат. Ал трубалары да сапатсыз. Эми курулушу бүткөнгө чейин алар жараксыз абалга келип калат го. Бул жакты куруп жаткан жумушчуларга айтсак, “бардыгын тазалап коёбуз” дешет. Аны кантип тазалайт түшүнбөйм?» — дейт конуштун тугуну Айзада Мамышова.

«Канализация борбордук көчөгө эле киргизилмек»

Мындан тышкары, жаңы конуштун тургундары канализация үчүн деп ар бир үйдөн орточо 8 миң сомдон 21 миң сомго чейин акча чогултуп беришкенин билдиришти.

Конуштун жашоочусу Жылдыз Тургунбаева башында канализациянын трубалары үйдүн дарбазасына чейин коюлат деп айтылганын, бирок, андай болбогонун айтты.

«Негизги борбордук көчөлөргө гана коюлду. Ал жерден үйгө чейин тартып келүүгө өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк. Мисалы мен үйгө чейин труба тартууга квартал башчысына 7 500 сом төлөдүм. Кээ бир көчөлөрдө 11-12 миң сомго чейин төлөп жатышканын айтышууда», — деди Тургунбаева.

Ал ошондой эле, канализацияны коюу качан бүтөрү белгисиз экенине кейиди.

Эне-Сай конушуна канализациялык түтүктөр орнотулуп, андан кийин жол салынып башталган. Бирок иштер бир нече айдан бери токтоп турат. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов / Kloop.kg

Эне-Сайдын квартал башчысы Лаазым Оторованын айтымында, канализация борбордук көчөгө эле киргизилмек. Мындан улам ар бир үй-бүлө түтүктү өзүнө киргизүү үчүн акча төлөшү керек болчу.

«Канализацияны тартып киргизүү үчүн жеке менчик фирмалар менен сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Алар айткан сумманы бөлө келгенде ар бир үйгө 14 500 сомдон туура келет экен. Мындай сумманы төлөөгө ар бир тургундун мүмкүнчүлүгү жете бербегендиктен, шаардык кеңештин депутаттары Жумабек Салымбеков жардам бере турган болду. Эми ар бир түтүн 14 500 сомдон эмес, 10 миң сомдон төлөйт деп чечилди. Бирок, үйгө канализацияны тартып киргизүүдө борбордук көчөдөн үйгө чейинки аралык дагы каралат. Жалпы айланта келгенде кээ бири 10 миң сомго жетпеген акча төлөсө, кээ бир үйлөр 10 миң сомдон ашыгыраак төлөп калат», — дейт Лаазым Оторова.

Анын айтымында, акча «Сантех сервис Аламүдүн» жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген. Алар кошумча көчөлөргө 30 метрдик трубаларды коюшкан. Учурда айрым үй-бүлөлөр акчаны толук төлөбөгөндүктөн жашоочулар ишканага карыз экенин Оторова кошумчалады.

Канализациянын курулушу 2021-жылдын май айына чейин созулат

Мамлекеттик сатып алуулар порталында Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы Эне-Сай конушуна канализация киргизүү үчүн долбоорду иштеп чыгууга тендерди 2018-жылы августта жарыялаган. Аны «Русти» ЖЧКсы жеңип чыккан. Долбоорду даярдоого бюджеттен 650 миң сом бөлүнгөн.

Андан кийин 2019-жылы июлда дагы бир ирет тендер жарыяланып, конкурска 5 компания катышса, «MS Building» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү болуп табылган. Иштин бул бөлүгүндө канализациянын насостук станциясы ишке киргизилмек. План боюнча бул иштер 2020-жылы декабрга чейин бүткөрүлүшү керек болчу. Эки жылдан бери иштин 70%зы гана аткарылган.

«Мамлекет тарабынан “MS Building” компаниясына 23 млн сом бөлүнүп берилген. Долбоордо көрсөтүлгөн план боюнча канализацияны негизги көчөлөргө орнотуу каралган. Негизи Эне-Сай конушуна киргизилип жаткан канализациянын курулушу 2020-жылдын акыркы кварталында аягына чыгып, өткөрүлүп берилиши керек эле. Тилекке каршы, учурунда бүтпөй калды. Пандемиядан улам иштин жүрүшү кечеңдеди. Азыр кыш. Жумуш сууктан улам таптакыр токтоп турат. Буйруса 2021-жылдын май айында толугу менен бүткөрүлөт», — деди Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Адилет Турдуев.

Эне-Сай конушу. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов / Kloop.kg

Эне-Сай жаңы конушуна канализация киргизүү боюнча үстүбүздөгү жылы дагы бир жолу тендер өткөрүлгөн. Тендердин наркы бир жарым миллиондон ашат жана жеңүүчү деп «Азиястройкомплекс» жоопкерчилиги чектелген коому табылган.

«Бул тендер үчүнчү этап болуп эсептелет. Утуп алган компания канализация киргизбейт, болгону Аламүдүн дарыясына эстакадалык көпүрө салат. Кийин ошол аркылуу канализацияны алып өтүү керек. Буга чейинки эки этапта көпүрө куруу каралган эмес, бул болсо таптакыр башка долбоор», — деп ишендирди Турдуев.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай чарба агенттиги 2020-жылдын 15-январында «Русти» ЖЧКсына курулуш объектин долбоорлоодо нормаларды жана эрежелерди бузууга жол бербөө тууралуу кат түрүндө эскертүү берген. Мындан тышкары объектилерди курууда автордук көзөмөлдү тийиштүү түрдө жүргүзүү эскертилген.

«Стандарт сакталган жок, жолдорубуз 6 гана метрди түзөт»

Эне-Сай конушунда мындан үч жыл мурда жол курулуп башталган. Бирок, ушул күнгө чейин создуктурулуп, башталган иш аягына чыкпай келет. Тургундар жол куруу учурунда талаптар сакталбай, иштин туура эмес жүргүзүлгөнүнө да нааразы. 

«Сиздер азыр жолду кар басып, тоңуп калган мезгилде келип жатасыздыр. Күн жылууда далай бут кийимибиз баткактын алдында калды. Жолго коюлган бордюрлар да өз талабы менен коюлбай короого машина менен кирүүгө мүмкүн эмес. Ар бир иштин өз ыңгайы болгон сыяктуу эле жол салуунун, бордюр коюунун да өз ыгы, өз талабы болушу керек эле да. Бул жерде иш алып барып жаткандар өз кесибин билбеген эле кишилердин тобундай туюлат», — деген айыл тугуну Айгүл Жантаева көйгөйдү баяндап берди.

Жашоочулардын пикиринде, жолдун курулушунда талаптар сакталбай, бир көчөгө эки унаа батпайт. Анткени айрым тургундар короонун дубалдарын тургузганда чектеринен чыгып кеткен.

«Мыйзам боюнча жолдун кеңдиги 12 метрден кем эмес салынып, нары жагынан тротуар өтүшү керек эле. Андай стандарт сакталмак тургай, эки унаа араң өтө турган гана орун бар. Бул жерде жолдорубуз 6 гана метрди түзөт. Тактап айтканда, салынган үйлөрдүн короолору өз чегинен өтүп кеткен. Булар менен да жергиликтүү бийлик иштеши зарыл болчу. Эч кимдин булар менен иш алып барганын көргөн жокпуз», — дейт Муктарбек Жолчубаев.

Эне-Сай конушунун тургундары жолду жана канализацияны бүтүрүп берүү үчүн бийликке далай жолу кайрылышкан. Конуштун жашоочусу Үмүт Алманбетова бир нече жолу кол топтоп арыз жазган. Бирок, айрым жергиликтүү башкаруучулар «жогору жакка арыз жазасыңар» деп тургундарга нааразы болушкан.

Азыркы учурда Эне-Сай конушундагы Орхон деген көчөгө шагыл төгүлгөн боюнча турат. Ал жерден машилар өтө албай, жол жабылып калган. Ал эми көчөнүн башында жашаган тургундар үйүнө чейин жөө барууга аргасыз.

Эне-Сай конушу. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов / Kloop.kg

Жаз келсе баары жайына келеби?

Эне-Сай конушунун жолун оңдоп-түзөөгө 2017-жылдын жаз айлары менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тендер жарыялап, конкурстан «Чу Прокси» компаниясы жеңген. Мамлекет тарабынан бул компанияга 13 млн сом бөлүнгөн.

Жол куруу иштери башталган учурда аны менен катар канализация коюу иши да баштала турган болуп, асфальттын алдына канализацияга керектүү трубаларды жаткырып алуу үчүн конуштун тургундары жумушту токтото турууну өтүнүшкөн. Тендерде көрсөтүлгөн убакыт боюнча 2017-жылдын июль айында жумуштар аягына чыгышы керек болчу. Бирок, азыркыга чейин асфальт төшөө иштери баштала элек.

«Жол куруу боюнча тендерди “Бишкекасфальтсервистин” ошол кездеги жетекчиси Мирлан Амантуров уюштурган. Ал эми ошол тендерди утуп алган “Чу Прокси” компаниясы ошол адамдын компаниясы. Бирок дагы бир Мирлан Исраилов деген балага каттатып койгон экен. Быйылкы жылы ал бала каза болуп калды. Мирлан Амантуров болсо учурда “Бишкекасфальтсервисте” иштебейт. Биз жол маселесин бүтүрүү үчүн болгон аракетибизди жасап, кайрылуу каттарын жөнөтүп жатабыз», — деди Эне-Сай конушунун квартал башчысы Лаазым Оторова.

«Чу Прокси» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Жол-курулуш компаниялары ассоциациясынын президенти Мирлан Исраилов болчу. Ал июль айында пневмониядан көз жумган. Ушул эле жылы сентябрь айында ишкана Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өткөн. Ал жердеги документ боюнча жетекчиси деп Мирлан Исраиловдун тууганы Мирбек Кадырбеков көрсөтүлгөн. Маанилүүсү бул компания Ысык-Көл облусунда катталган.

Ал эми «Бишкекасфальтсервистин» мурдагы жетекчиси Мирлан Амантуров «Чу Прокси» ага таандык экенин четке кагат. Анткен менен ал Ысык-Көл облусунун Оттук айылында төрөлгөн. Ал жетекчиликтен 2019-жылдын октябрь айында кетип, андан кийин 2020-жылдын августуна чейин вице-мэр болуп иштеген. Ал быйылкы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Амантуров жол курулушунун созулуп кетишине ошол мезгилде канализациянын киргизилип калышы себеп болгонун билдирип, жаз айында асфальт төшөлө тургандыгын кошумчалады.

«Бишкекасфалтьсервистин» түшүндүрмөсү боюнча, Эне-Сайдагы жолдун курулушу быйылкы жылы кайрадан каралып баштады. 

«Канализация өткөргөндө жоопкерчиликтүү тарап (канализация киргизген фирма) бизге кепилдик, протоколдук чечимдерин бериши керек болчу. Андай лобараториялык протоколдор берилбей, ошонун негизинде токтоп калган. Быйылкы жылы болсо, кепилдик каты алып эми баштадык. Кийинки жылы асфальт төшөлөт», — дейт жол куруу участкасынын башчысы Азамат Шаршебаев.

«Бишкекасфальтсервистен» кабарлашкандай, жолдун кеңдиги тротуар, суу кетчү каналчалары менен эсептелип, 8 метрден 6 метрге кыскартылган. Алар тургундардын «Жолдун тротуарлары менен кошкондогу узундугу 6 мерт болуп калды» деген пикирин четке какты.

«Биз үйдөн-үйгө чейин жол кылып салсак, эл кайдан басып калат. Ошол үчүн өзгөртүүлөр кирет. Тургундар айтып жаткандай болбойт, туура эмес түшүнүп жатышат», — деп билдирди Азамат Шаршебаев.

Авторлору: Сайпидин Султаналиев, Найзабек Мукамбетов

Редактору: Элвира Султанмурат кызы

Материал жактыбы? Сиз да бюджеттик мониторинг боюнча колдонмону пайдалануу менен ушундай материалдарды жасай аласыз. Android үчүн колонмону бул жерден жүктөп алсаңыз болот.