Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президентине 18 талапкердин аларды колдогондордон чогулткан колдорун текшерип бекитти.

Талапкерлердин банктык эсептерине үгүт иштерин жүргүзүү үчүн 49 млн 836 миң сом келип түштү.

«Economist.kg» басылмасы президенттикке талапкерлердин Osoo.kg сайтынын маалымат базасына ылайык кандай бизнестери бар экенин иликтеп көрдү

Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» банкынын Директорлор кеңешинин кеңешчиси, 1996-жылдан 2009-жылга чейин аталган банктын башкаруучулугунун башчысы болгон. Ошол эле учурда каржы министринин кеңешчиси катары кызмат кылган. 2009-2020-жылдары жарым жыл Экономика министрлигин жетектеген. 2006-2009-жылдары президент Курманбек Бакиевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

«Дайым» жана «Удача» аталышындагы эки күрөөкананын ээси. 2020-жылы бул эки күрөөканадан салык жана төлөмдөр түрүндө 360 миң сом мамлекетке түшкөн. Мындан тышкары Байгуттиевге «ГЕЛИОС» аттуу дагы бир күрөөкана катталган.

Ошондой эле Байгуттиев «Consillieri T» консалтинг компаниясынын, акчалай ортомчулук менен алектенген «Бимос» жана билим берүүгө байланышы бар «Бизнес-Партнер Т» компанияларынын ээси.

Президентикке талапкердин эсебинде дүң соода-сатык менен алектенген «Геолис» ачык акционердик коому дагы бар.

Имамидин Ташов – үй куруучу, «KG Group» курулуш компаниясынын ээси жана башчысы. 2017-2018-жылдары анын компаниясын үлүшчүлөрдү алдоого айыпташкан, Ташов батир сатып алуучуларды алдоо фактысын төгүндөгөн.

Мындан тышкары, ага «УЛУК» (дүң соода) жана «KG VIP Service» (юридикалык кызмат көрсөтүүлөр) компаниялары катталган.

Ошондой эле, Ташов «Кара-Дөбө» айыл чарба коммерциялык кооперативине ээлик кылат — аталган кооператив жер-жемиштерди жана мөмө жемиш дарактарын өстүрөт.

Бабуржан Төлбаев — «Мол Булак» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси жана Кыргызстандагы белгилүү ишкер, меценат.

Ал «Мол Булактан» тышкары «МБФ Инвест» финансылык уюмуна жана маалыматтарды иштеткен «Start Solutions — MIS & Consulting» компаниясына ээлик кылат.

Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) – өзүн Кудаймын деп жарыялаган кишиге дүң соода-сатык менен алектенген эки компания катталган – «Р-Долон Синтез» жана «АУРДИН». Ошондой эле финансылык ортомчулук менен алектенген «Ауирдита и А» компаниясынын ээси.

Аймен Касенов — экономикалык билимге ээ адиси, 2016-2019-жылдары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү болгон. Бир убактарда ушул эле фонддуу жетектеген Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун кеңешчиси болуп иштеген.

Касенов «Газпромдо» дагы эмгектенген — 2007-жылы Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары, андан кийин 2015-жылга чейин Казакстандагы өкүлчүлүктүн башкы директору болуп иштеген. Ошондой эле «Альянс», «Кыргызстан Аба Жолдору» жана «Манас» компанияларынын башкаруучулугунун мүчөсү болгон.

Касеновго «Башкаруучу инвестициялык «Асман Плюс» жана «Ренат Тентимишев атындагы кинематографияны өнүктүрүү борбору» компаниялары катталган. Бирок салык отчетторуна караганда «Ренат Тентимишев атындагы кинематографияны өнүктүрүү борбору» өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Тентимишев — «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү, 2013-жылы 26 жашында каза болгон.

Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери президенттик шайлоого үчүнчү ирет аттанууда, ал буга чейин парламенттин депутаты жана спикери болгон. Ал шайлоолорго бир нече жолу катышканы менен 10 жылдан бери чоң саясатка депутат же президент катары келе албай жүрөт.

Osoo.kg порталындагы маалыматка ылайык, Мадумаровго «Таза-Медиа» компаниясы катталган — ал журналдарды басып чыгарат. Ал депутат жана спикер болуп турганда журналисттерди кесиптештер деп атап келген — Мудамаров 90-жылдары МТРКда (Азыркы КТРК) иштеген.

Садыр Жапаров — 2020-жылы 6-октябрда эркиндикке чыгып, кыска мөөнөттүн ичинде өкмөт башчы жана президентти м.а. болуп иштеген. Анда дагы бизнес бар, болгондо да мунай затка байланыштуу бизнес.

Жапаровдун атына «Иссык-Нар-Нефть» компаниясы катталган. Аталган ишкана буга чейин «Надэра» деп аталып, мөмө жана жер жемиш ширелерин өндүрүп келген. Компаниянын салык төлөмдөрү тууралуу маалымат жок.

Эльдар Абакировбажыдагы коорупция тууралуу айтып чыккан экономика минисринин мурдагы орун басары. Анын резюмеси көп жактуу — Алматыда программист-аналитиктен Улуттук банктын экспертине чейин жеткен. Ишкерлик менен алектенип, бир нече долбоор иштеп чыккан. Акыркы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде барган.

Osoo.kg сайтынын маалымат базасына караганда, Абакировго финансылык ортомчулук кылган «КЭЭТУР» компаниясы катталган.

Президенттике талапкерлер Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов, Абдил Сегизбаев, Мыктыбек Арстанбек, Клара Сооронкулова, Рашид Тагаев, Бактыбек Калмаматов, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев, Улукбек Кочкоровдун өздөрүнө таандык коммерциялык компаниялары катталган эмес.

Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январга чейин уланат. Президенттикке 18 талапкер ат салышууда.