Көңүл буруңуз! Макалада аялдарды өлтүрүүнүн кенен сүрөттөлгөн учурлары камтылган.

2020-жылдын башында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун үрөй учурган бир нече учуру катталган — айрымдары кыз-келиндердин өлүмүнө алып келген.

Мындай окуялардын бири Нарын облусунун Кочкор райондунда болуп, ур-токмоктон 36 жаштагы Айдай каза тапкан (каза тапкан кыз-келиндердин бардыгынын ысымдары өзгөртүлдү — ред.).

Кылмыш жаңы жылдын кечинде болуп, медиктер телефон чалгандан кийин кылмыш болгон жерге келген милиционерлер ур-токмоктон көгала болгон Айдайдын сөөгүн табышкан.

Шектүү адам бат эле табылган — ал Бакыт аттуу маркум аялдын күйөөсү болуп чыккан. Ал аялынын өлүмүнө алып келген ырайымсыз ур-токмокко үй-бүлөдөгү каржы маселеси себеп болгонун билдирген.

Ал милиционерлерге аялынын бетке бир нече согуп, ал кулап калгандан кийин эс-учун жоготкончо башка тепкилегенин айткан.

Маркумдун ишин сотто коштоп жүргөн Кризистик борборлор бирикмесинин укук коргоочулары күйөөсү аялынын кечки саат 9да эле каза болгонун түшүнгөн деп айтып беришкен. Түн жарымдан кийин гана үйгө фельдшер келип, аял өлгөнүн аныктаган. Айыпталуучу адвокаттарга үч саат бою эмне кылганын түшүндүрүп бере албай койгон.

«Окуя болгон күнү кечинде үйдө туугандары болгон, бирок алар эч нерсе кылышкан эмес. Кошуналар кыйкырыктарды угуп милиция чакыртышса керек. Убакыт барда ал анын кийимин которуп, жууп койгон. Маркумдун атасы сөөктү таанууга өлүкканага барганда күйөө баласы аялын башынан сылоого аракет кылып, анын колунда чачтын үзүндүлөрү калып калганын айтып берди. Күйөөсү аны чачтан сүйрөгөн окшойт, анткени анын чачтары жыдып эле түшө баштаган. Бул ал аялын канчалык аёосуз сабаганын айтып турат, ошол эле учурда ал соо эле болгон», — деп эскерет кылмыштын жагдайын укук коргоочу Толкун Түлөкова.

Бакыт 10 жылга эркинен ажыратылган, ошондой эле ал мамлекеттин пайдасына 110 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген. Маркум аялдын төрт баласын багып алган анын үй-бүлөсү моралдык зыян катары 30 миң сом гана алган.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

*Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

Фемициддин негизги критерийлерине аялдар экинчи сорттогулар деген идеянын, кызгануунун, маданий эрежелердин («аял кылышы-кылбашы керек»), жыныстык мамиледен жана никеге туруудан баш тартуунун, ала качуунун негизинде, эркек киши менен кандайдыр бир мамилени токтотуу учурундагы жана башка ушундай себептүү өлтүрүүлөр кирет.

«Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид көрүнүшүн чагылдырып берүү үчүн киши өлтүрүүлөрдүн статистикасын талдап, 54 миңден ашуун криминалдык пресс-релиздер менен жаңылыктарды изилдеп чыкты. Жыйынтыгында алар Кыргызстанда аялдарды көбүнесе күйөөлөрү, жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөрүн, ал эми фемицид түздөн-түз үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепети экенин аныкташты.

Үй — аялдар үчүн эң эле кооптуу жайлардын бири

Гомицид* тууралуу 2019-жылы жүргүзүлгөн глобалдык изилдөөгө ылайык, аял киши менен эркек кишини өлтүрүү себептери бири-биринен кескин айырмаланат. Эркек кишини өлтүрүү көбүнчө «көчөдө» уурдоо, карактоо жана башка кылмыштар учурунда, ошондой эле куралдуу жаңжал маалында болот. Ошол эле учурда кыз-келиндерди негизинен үйүндө жакын өнөктөштөрү, мисалы, күйөөлөрү, ойноштору, жолдоштору өлтүрүшөт. Дүйнө боюнча өлтүрүлгөн аялдардын дээрлик 60%ы жыныстык өнөктөштөрү тарабынан өмүрү менен кош айтышкан.

*атайылап адам өлтүрүү

«Үй — аялдар үчүн эң эле кооптуу жайлардын бири. Гендердик стереотиптердин жана теңсиздиктин натыйжасында кыз-келиндер үй ичинде кыйынчылыктарга дуушар болушат», — деп айтылат UNODCдун дүйнөлүк гомицид боюнча баяндамасында.

Биз жүргүзгөн талдоо Кыргызстанда дагы ушундай эле кырдаал бар экенин көрсөтөт. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча аялдардын киши колдуу болгонуна байланыштуу 762 кылмыш иши козголгон. Бул өлтүрүүлөрдүн көбүн эркектер кылган — орточо эсеп менен ал он кылмыштын сегизин түзөт. Ошол эле учурда эркектерди да, аялдарды да өлтүрүү учурларынын 10%ын аялдар жасашат жана негизинен алар мындай кадамга эркектерден коргонуп жатып барышат.

Аялдарды өлтүрүүнүн учурларын дыкат изилдеп чыгып, 2008-жылдан бери Кыргызстанда 300дөн ашуун фемицид учуру болгонун аныктадык. Иш жүзүндө мындай учурлар кыйла көп, бирок биз ар бир өлтүрүүнүн чоо-жайын таба алган жокпуз.

Биздин талдоо фемициддин 75%ы киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам, жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу тарабынан жасалганын көрсөтөт. Ошондой болсо да аялдардын өмүрүнө көбүнесе тек гана күйөөлөрү кол салган. Аялдарды өлтүрүү учурларынын 11%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган.

«Телевизор көргөнгө тоскоолдук кылган» жана «тамакты жай жасаган»

2019-жылы сентябрдын аягында 51 жаштагы Адыл жубайы Айзада уктап жатканда балталап салган. Мыкаачылык менен адам өлтүрүү тууралуу иш боюнча кылмыш ишти Сокулуктун райсоту караган.

Сот отурумунда Адыл балтаны аялын өлтүргөнгө чейин эки ай мурда сатып алып, сарайда катып койгону белгилүү болгон.

Отурумда Адыл аялын «телевизор көрүп жатса өчүрүп салып, жинине тийе бергендиктен» өлтүргөнүн айтып берген.

Окуя болгон күнү Айзаданын башы ооруп, телевизорду өчүрүп салганда Адыл аябай ачууланган. Ал аялы уктап каларын күтүп, сарайдан балтаны алып келип, Айзаданын башка бир нече жолу чапкан.

«Кылган кылмышыма эч өкүнбөйм, мен мурун эле өлтүрөйүн деп жүргөм, аны баары бир өлтүрмөкмүн», — деп билдирген ал сот отурумунда.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан.

Биздин маалымат базасына ылайык, аялдар көбүнесе бычак жана кол менен өлтүрүлөт. Анткен менен кылмыш балта, күрөк жана таш менен да жасалат. Ошол эле учурда өлтүрүүлөр өзгөчө мыкаачылык, орой жана агрессивдүү түрдө жасалат. Жаракат алгандар чанда гана кездешет.

Үч фемицид учурунун экөөсүндө киши колдуу болгон аялдын денесинде көптөгөн залал келтирүү жана көптөгөн бычак сайылганы аныкталган.

Аялдарды өлтүрүү учурларынын көбү үй-бүлөлүк уруш-талаштан улам болот. Эркектин аялга карата агрессиясына бардык нерсе себеп болушу мүмкүн — мисалга, ар кандай турмуш-тиричилик маселелери же болбосо аялдын зордукчуга чыдабай кетип калышы. Ошол эле кезде эркектер, алардын пикиринде, аялдар бир нерсени туура эмес кылып алганы үчүн жинденип же кармана албай калып өлтүрүп алдык деп актанышат.

Маморгандар «жакшы аракет кылат», бирок аларга абдан оор болууда

Биздин талдоо Кыргызстанда кыз-келиндер көбүнесе үй-бүлөлүк зомбулуктан каза табарын көрсөттү. Киши колдуу болгон аялдардын көбү такай күйөөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн ур-токмогуна туш болушкан.

Бирок ИИМ Кыргызстанда аялдардын өлтүрүлүшүн түздөн-түз үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштыргысы келбейт. Ведомстводон буга байланыштуу расмий сурамдарга жооп беришпегени менен бул боюнча журналисттер менен болгон бейрасмий сүйлөшүүдө айтып беришти.

Анткен менен министрлик үй-бүлөлүк зомбулук менен байланыштуу киши өлтүрүүлөр боюнча статистика жүргүзөт. Бирок ал реалдуу учурлар менен дал келбейт — ИИМдин маалыматына ылайык, 2017-2018-жылдары үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча 8 кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда биз андан да көп болгонун аныктадык — 25тен жогору.

Ведомство үй-бүлөлүк зомбулук, анын ичинде аялдарга карата зомбулук көйгөйлөрүн «эң маанилүү орунда» экенин, бирок бул багытта иш алып баруу «татаал» экенин моюнга алат. ИИМ «жабырлануучулардын бардыгы эле расмий арыз-даттануулар менен кайрылбаганына» тынчсызданат.

Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Шабдан Кайыпов үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу түшүндүрүү жүргүзүү боюнча иш-чаралар “жетишсиз” экендигин моюндап, муну кадрлардын жетишсиздиги жана мындай учурларды аныктоонун татаалдыгы менен байланыштырат.

«Үй-бүлөлүк зомбулукту аныктоо — кызматкерлерибиз үчүн чоң көйгөй, анткени үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын көпчүлүгү муну жашырат, себеби күйөөсү менен мамилелерин бузгулары келбейт», — деди ал.

Кризистик борборлор бирикмесинин башчысы Толкун Түлөкова кыз-келиндер милицияга кайралышпайт жана күйөөлөрүнөн кетүүдөн көптөгөн себептерден улам коркушат деп белгилейт. Мисалы, балдарга жана өзүнө карата зомбулуктан, туугандардын кысымынан, милицияга ишенбегендиктен, акчанын жана турак жайдын жоктугунан коркушат.

«Кыз-келиндер күйөөлөрүнүн такай уланган ур-токмогунан улам кетип калууну чечкенде алардын көбүн күйөөлөрү куугунтуктай баштайт. Бул да аялдарды өлтүрүүнүн бир себеби болушу мүмкүн. Милиция куугунтукка эч кандай реакция кылбайт», — дейт ал.

Түлөкова мындай окуялардын бирин мисал келтирди. Ал карантин убагында Ат-Башыда болгон. Аял күйөөсү менен ажырашып, төркүнүнө кетип калган. Бирок күйөөсү артынан барып аялын атып, бактыга жараша ок кайып өткөн. Келин качып баратканын көргөн күйөөсү жетип барып, таш менен башка чапкан. Жабыркаган аял ооруканага жеткирилип, ал эми беркиси качып кеткен. Милиция кол салган кишини кармап, «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кийинкиге калтырылган фемицид

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун 7000ге жакын учуру катталып, ал эми агрессорду жазалоо абдан кыйын экенин эске алганда, жабыркаган кыз-келиндер кандай гана убак болбосун киши колдуу болушу мүмкүн. Жабыркаган аялдар жаракат алган күнү эмес, бир аз убакыттан кийин мерт болушу мүмкүн. Ошондо алардын өлүмү кыйнап өлтүрүүлөрдүн статистикасына такыр кирбей калышы ыктымал. Муну «кийинкиге калтырылган фемицид» деп коёт.

«Зомбулукту квалификациялоо маселеси маанилүү. Эгер ал аялды өлтүрүп туруп асып салса, анда муну өз жанын кыйган деп катачылык менен квалификациялап коюшу ыктымал. Аялды зордуктап туруп коркунучта калтырып кетишкен болушу мүмкүн, ал өлүп калышы мүмкүн, бирок аны өлтүрүү катары каттабай, өлүмдүн “тышкы себеби” катары көрсөтүп коюшкан болушу мүмкүн. Жабырлануучунун саламаттыгына келтирилген зыян анын кийинчерек каза табышына алып келиши мүмкүн», — дейт Түлөкова.

2020-жылдын июнь айында Кризистик борборлор бирикмесине бир аял кайрылган. Ал дайым сабап келген күйөөсү менен ажырашкан. Ал акыркы жылы өзүн абдан жаман сезип жүргөн — анын башы ооруп, жакшы уктай албай калган. Бир жолу ал өзүн абдан жаман сезип жатып калганда, ооруканага алып барышкан.

«Ал аял мага күйөөсү аны дайыма башка соккулап турганын айтып берген. Дарыгер баш мээси бир нече ирет чайкалганжыктан операция жасалышы керектигин түшүндүрүп берген. Бирок, операция жасалганына карабастан, ал эки айдан кийин каза болгон», — дейт Толкун Түлөкова.

Зомбулук алып келген өлүм дайыма эле «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча каттала бербейт. Жазык кодексинде «Этиятсыздыктан өлүмгө дуушар кылуу», «Ден соолукка оор залал келтирүү» (эгер бул өлүмгө алып келсе) жана «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү».

Эгер акыркы эки берене боюнча соңку 10 жылдык статистикада байкала турган өзгөрүүлөр жок болсо, «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыштарды каттоо суроо жаратат.

Акыркы эки жылда бул берене боюнча каза тапкандардын аял киши экени белгиленген кылмыш иштери каттала баштаган. 2019-жылы 11 аял, ал эми 2020-жылдын 10 айында 28 аял каза тапкан. Бул көрүнүш кошумча изилдөөнү талап кылат, анткени бул беренеде потенциалдуу түрдө фемицид учурлары катылып жаткан болушу мүмкүн.

Фемицид мамлекет тарабынан иш жүзүндө өзүнчө көйгөй катары таанылмайынча бул кылмыштын чыныгы масштабын билүү мүмкүн эмес.

Мыйзамдардын талдоосу көрсөтүп тургандай, Кыргызстанда фемицид деген өзүнчө кылмыш категориясы жок. Аялды өлтүрүү, мисалы, зордуктоо сыяктуу гендердик кылмыш болуп саналбайт. 2019-жылы жазалар гуманизация болуп, киши өлтүрүү үчүн жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган. Жан алгыч өмүр бою кесилиши үчүн жабыркаган тарап (мисалы, киши колдуу болгон аялдын ата-энеси) өлтүрүү өзгөчө мыкаачылык менен коштолгонун далилдеп бериши керек болот.

Ал эми Кыргызстандагы фемициддин мүнөздөмөлөрү аялдардын көзү тирүүсүндө такай ур-токмокко туш болуп, көп жаракат алганын жана натыйжада мыкаачылык менен өлтүрүүгө дуушар болгонун айтып турат. 100 фемицид учурунун ичинен бери эле дегенде 70инде адам өмүрүнө кол салган киши кылмышты жашырууга аракет кылган. Тагыраак айтканда, ал маркумдун сөөгүн өрттөп, же жиликтеп жок кылган.

Ошого карабастан, көп учурда кылмышкерлерге кадимки өлтүрүүгө каралган жазалар берилчү. Ал тургай сот аялын өлтүргөн адамга шарттуу жазага тартуу өкүмүн чыгарган учурлар кезедешет. Анткени «жубайы тарабынан оор кемсинтүүгө кабылып, ошондой эле анын адеп-ахлаксыз жүрүм-турумунун натыйжасында узакка созулган психикалык травма алып келүүчү кырдаалдан улам» адам өлтүрүүгө барган.

Изилдөөнүн тыянактары жана анда колдонулган ыкмалар менен кеңири шилтеме аркылуу өтүп таанышса болот. Кыргызстандагы фемицид тууралуу маалымат базасын бул жерден жүктөп алса болот.

Изилдөө «Сорос – Кыргызстан» фондунун «Жаңы ыкма жана платформалар аркылуу коомдук мааниге ээ медиа материалдарды колдоо» конкурсунун алкагында даярдалды.

Даярдагандар: Анна Капушенко, Савия Хасанова

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков

Редактору: Азиза Раимбердиева

Иллюстрация: Алина Печенкина