Ноокатта 6 жашар кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Ноокат райондук соту алты жаштагы кызды зордуктаган кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Өкүм Жогорку соттун расмий сайтында 16-декабрда жарыяланды.

Кылмыш үстүбүздөгү жылдын 5-августта жасалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 31 жаштагы айыпталуучу мас абалында өзүнүн таанышынын үйүнө барган. Үй ээлери базарга кетип, короодо жашы жете элек небереси ойноп жаткан.

Кылмышкер үйдө эч ким жок болгону менен пайдаланып, алты жаштагы кызды бакта зордуктаган.

Кыздын чоң атасына ошол күнү кошунасы чалып, небереси үйүндө жок экенин айткан. Аны уккан соң ал аялы менен үйүнө кайтып, небересин издей баштаган. Кийинчерээк кыз ыйлап, кыйналып басып келип «бир бала ага бакта тийишкенин» айткан.

Чоң-ата айыпталуучуну мас абалда таап, эмне болгонун сураганда ал качууга аракеттенген. Бирок ал кылмышкерди кармап, милиция кызматкерлерин чакырган.

Кыздын ата-энеси Орусияда эмгек миграцияда болушкан.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган эмес. Анын айтымында, ошол күнү ал кыз менен бирге кошунасынын үйүнө бара жаткан учурда, секелек жыгылып калган. Ал жыгылган кызды көтөрүп жатканда, анын чоң атасы келип, башына таш менен урганын билдирген. Соттолуучунун айтымында, башынан кан аккандыктан качууга аргасыз болгон.

Анткен менен соттук-медициналык экспертиза секелек кыз айыпталуучу тарабынан зордукталганын тастыктады. Экспертиза кыздын шымында өзүнүн канын жана айыпталуучунун «эркек уругун» аныктаган. Ал эми окуя болгон жердеги кан да кызга таандык болгон.

Сот айыпталуучуну «Зордуктоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табып, аны өмүр бою абак жазасына кести.