Ош: Дарыканаларда жасалма акча менен соода кылган жаран кармалды

Кармалган шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБи

Ош шаарында сувенир катары чыгарылган акча менен дарыканалардан соода кылып жүргөн тургун кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиргендей, 9-декабрда милицияга Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал шаардагы дарыканалардын биринде кардар 2000 сомдук жасалма акчага соода кылып кеткенин билдирген. Мындан сырткары ушундай эле арыз менен Ош шаарынын дагы тогуз тургуну кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Акчаны же баалуу кагазды жасалмалоо» беренеси менен сотко чейинки өндүршкө алынып, тергөө амалдары башталган.

Натыйжада кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 16 жаштагы тургуну кармалды. Алгачкы сурак учурунда шектүү Ош шаарына досу менен косметика сатуу үчүн келгенин жана жанындагы сувенир катары алып жүргөн 2000 сомго дары алганын ырастаган.

«Андан соң досуна айтып, Бишкектен сувенир саткан дүкөндөн дагы бир таңым эки миң сомдук сувенир катары колдонулуучу акча алдырткан. Ага шаардагы дарыканалардан бир нече жолу соода кылган», — деп билдиришти Ош ШИИБден.

Буга чейин дагы чет элдик жасалма валюталарды алып жүргөн Бишкек шаарынын 51 жаштагы тургуну кармалган. Анын жанынан ири суммадагы АКШ доллары табылган. Жасалма валюталар жогорку сапатта болуп, атайын таратуу максатында жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалгандыгы аныкталган. Кармалган тургун УКМКнын тергөө жайына киргизилген.