Текебаев кесиптештерин парламенттик форма үчүн үгүттөп добуш берүүгө чакырды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кесиптештерин парламенттик башкаруу формасы үчүн үгүттөп жана добуш берүүгө чакырды. Бул тууралуу саясатчы фейсбук барагында жазды.

«Урматтуу партиянын мүчөлөрү! Партиянын атынан сиздерге мыйзамсыз жарыяланса дагы, ушул референдумда парламенттик республиканы колдоп добуш гана бербестен, башка адамдарды дагы үгүттөп, парламенттик республика үчүн күрөш жүргүзүшүңүздү суранам», — деп жазды Текебаев.

Анын айтымында, 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдум Конституциянын ченемдерин жана мыйзамдарын бузуу менен өткөрүлүүдө.

«Ушул эле күнү референдумдан башка кезексиз президентик шайлоолор да болот. Партиянын ичинде кайсы талапкерди колдойбуз деген дискуссия болуп өттү. Бир пикирге келе алган жокпуз. Ошондуктан, партия президенттик шайлоодо өз мүчөлөрүнө эркин добуш берүүнү жарыялайт. Бирок, тигил же бул себептен кандитатты тандап, добуш берип жатканда партиянын идеологиялык орнотмолорун да унутпашыңарды суранам», — деди Текебаев.

Парламенттик башкаруу формасын жактаган дагы бир депутат Дастан Бекешев дагы аталган форма үчүн үгүттөй турганын билдирди.

«Мени парламенттик башкаруу формасы үчүн үгүттөө тобуна каттагылары келбей жатат — референдум тууралуу конституциялык мыйзамдан амал таап, ошого таянып мени чыгарып салгылары келип жатат. Бирок биз баары бир бул үгүттөө тобун каттап, алар каалайбы-жокпу баары бир ушул ишти алып барабыз», — деди Бекешев.

Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоого байланыштуу референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Парламент бул мыйзамды эки күн ичинде кабыл алган. Ал эми 12-декабрга караган түнү президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга кол койгонун кабарлаган.

Кыргызстандыктар референдум өтө турган күнү парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандайт же болбосо «баарына каршы» добуш берет.

Айрым президенттикке талапкерлер президенттик башкаруу формасына каршы билдирүү жасашты.

Депутат жана президенттике талапкер Канат Исаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы маршка чыгып, баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол коюп берген кесиптештерин сынга алган.

«Мен президенттик башкаруу формасына каршымын, бир мандаттуу шайлоо округдарына каршымын. Мен референдумду 10-январда өткөрүүгө каршымын», — деп айткан ал.

Президенттик башкаруу формасынын пайдасына парламенттик башкаруунун эффективдүү эместигин аргумент катары келтиришүүдө — Кыргызстанда он жылдан бери эч нерсе өзгөргөн жок дешүүдө. Исаев Кыргызстанда парламенттик башкаруу дээрлик болгон жок деп эсептейт.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы уюштурулган жүрүшкөн катышкан президенттикке тапакер Равшан Жээнбеков дагы парламенттик башкаруу формасын колдой турганын билдирген.

«Жарандар бүгүн эки позицияны карманышууда. Биринчилери — бул күчтүү президенттик бийликтин тарапташтары, экинчилери — парламенттик демократиянын тарапташтары. Акырында эл чечет. Менин жеке оюм боюнча, Конституция прогресс, цивилизацияны көздөй, парламенттик демократияга карай өзгөрүшү керек. Күчтүү президенттик бийликке ээ болгон өлкөлөрдүн бардыгы баш тартышкан, же азыр баш тартып, парламенттик демократияга өтүп жатышат — анда бир адам эмес, жамаат чечим кабыл алат. Алар бул аркылуу өлкөнү өнүктүрүүнүн жолдорун табышууда», — деген Жээнбеков.