Видео: Өзгөндө кафеден өрт чыкты, аны өчүрүүгө тургундар жардам берди

«Клооптун» кабарчысы 18-декабрда Ош облусунун Өзгөн шаарындагы кафелердин биринде өрт чыкканын кабарлады. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Тилсиз жоону өчүрүүгө бир сааттан ашуун убакыт кеткен.

Жеринде тартылган тасмадан өрттү ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнөн сырткары тургундар да чакалап суу ташып өчүрүүгө аракет жасаганын көрүүгө болот.

«Өрттү өчүрүүгө ишкерлер жардам берди. Ал жерде “Мегакомдун” филиалы, сулуулук салону, тез татым жайы бар экен. Алардын ээлери ишкерлигин сактап калууга аракет кылышты. Өрттүн очогунда биз иштедик», — деди ӨКМдин жеринде иштеген кызматкерлеринин бири.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, тилсиз жоо 13:15те толугу менен өчүрүлгөн.