Жылытуу меши жарылып беш балалуу үй-бүлө жабыркады

Бишкекте жылытуу меши жарылып беш кишиден турган үй-бүлө жабыркады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, балдардын бирөөсү жана алардын ата-энеси Бишкектин травматология борборуна жаткырылган.

«Бүгүн түндө от жаккан мештин жарылгандыгынын кесепетинен келип түшүштү. Аял реанимацияда», — деп кабарлашты министрликтен.

Балдардын дагы төртөө үчүнчү балдар ооруканасына жаткырылды, алардын абалы канааттандыраарлык.