Кемин шаарынын 9 жаштагы окуучусу Ташиевден жардам сурады

Чүй облусунун Кемин шаарынын 9 жаштагы тургуну, мектеп окуучусу Асема Шакирова апасы А.Ж. Орозалиеванын укугун коргоо үчүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасады.

Анда ал Кемин шаарындагы Жалил Садыков атындагы №1 мектепте үч жылдан бери окуй турганын жана апасы дагы ошол мектепте иштерин айткан.

Окуучу кыздын айтымында, пандемиянын айынан үй-бүлөөсү кыйналып, үйүндө ун жок калганда, апасы мектептен тамакка төлөгөн акчанын эсебинен жардам сураган. Бирок мектеп жетекчилери «Бул акчаны эмне сурайсың?» деп апасын кордоп, укугун тебелеген.

Ал эми 18-декабрда апасы үйгө келе жатып, эшиктин алдында эс-учун жоготуп жыгылып калган. 11 жаштагы байкеси экөөлөп эптеп үйгө киргизип, тез жардам чакырышкан. Окуучу кыз ошол күнү апасын мектептен ушул абалга жеткизишкенин айткан.

«Кокус, апам бир нерсе болуп кетсе байкем экөөбүздү ким багат? Камчыбек ата, ушул жаңы жылдык белек катары, Кемин шаарына келип, мектептерди текшерип, апама көңүл буруп коюуңузду каалайм. Мен сизден жаңы жылдык белекке көптөн көп суранам», — деп өспүрүм кыз Камчыбек Ташиевге кайрылган.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, 2020-жылдын 14-декабрында аталган мектептин окуу-тарбия иштери боюнча жетекчиси А.С. Насипова профсоюздук комитеттин төрайымына арыз менен кайрылып, Орозалиеванын этикага жатпаган мамилесин карап чыгуусун өтүнгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев окуучу кыздын кайрылуусу боюнча мекеменин Чүй облустук башкармалыгына тапшырма берген.

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, кайрылууда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар, анын ичинде кыздын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы боюнча ар тараптуу текшерүү башталды.

«Анын жыйынтыгында тиешелүү чаралар көрүлүп, бул үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүү маселеси да каралып жатат. Бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министирлиги аталган окуя боюнча Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Министрликтин кабарлашынча, 9 жаштагы окуучу кыздын апасы А.Ж. Орозалиева №1 орто мектепте 2018-жылдан бери дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык сабактарынын мугалими болуп иштейт.