Республикалык штаб 21-декабрда өлкөдө коронавирустун жаңы 132 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктургандардын арасында бир медициналык кызматкер бар.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаары — 45;
Ысык-Көл облусу — 32;
Чүй облусу — 21;
Жалал-Абад облусу — 16 (бир медкызматкер);
Баткен облусу — 6;
Ош шаары — 6;
Талас облусу — 5;
Нарын облусу — 1.
Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 225 бейтап сакайды — алардын арасында беш медкызматкер бар.
Коронавирустан Бишкек шаарында — 80, Чүй облусунда — 34, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 24, Ош шаарында — 23, Баткен облусунда — 21, Талас облусунда алты, Ош облусунда беш жана Нарын облусунда төрт бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Мындан сырткары коронавирус Баткен облусунда бир бейтаптын өмүрүн алды.
Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 79 254кө жетти. Анын ичинен 73 005 бейтап айыгып, 1 331 киши көз жумду.
Жалпысынан COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 26 239. Ал эми Чүй облусунда — 11 008, Жалал-Абад облусунда — 9 698, Ош облусунда — 8 121, Баткен облусунда — 7 064, Ысык-Көл облусунда — 6 952, Ош шаарында — 5 471, Талас облусунда — 2 490, жана Нарын облусунда — 2 211 киши коронавируска чалдыккан.
Бүгүнкү күндө илдеттен 1 636 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 82 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 2 394 адам үй шартында дарыланууда.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.