Кыргызстанда балдар жыл сайын физикалык, сексуалдык жана эмоционалдык зордук-зомбулуктан жабыркап келет, анын бир бөлүгүндө бала киши колдуу болуп өлтүрүлөт. Балага карата кандай гана формада зомбулук болбосун, бул алардын жашоосунун эң кенже жаш курагынан толук бойго жеткенге чейинки бардык баскычында кыйратуучу кесепетке алып келет.

Акыркы беш жылда Башкы прокуратура балдарга карата эң аз дегенде 1053 оор кылмыш каттаган. Анын ичинде ур-токмокко алуу, зордуктоо жана адам өлтүрүү дагы бар.

Балдар жалгыз зомбулукка каршы тура албайт, алар үчүн чечимдердин баарын чоңдор кабыл алат. Бирок алар тынчсызданганын билдире алышат, көбүнесе бул белгилерди алардын тарткан сүрөттөрүнөн байкоого болот.

«Сизде тандоо бар, менде жок» — бул долбоор балдар үчүн чечим чыгарган улууларга карата балдардын үнсүз кайрылуусу. Бул долбоордо биз чоңдорду балдардын тарткан сүрөтү аркылуу берген белгилерин өз убагында таанып-билүүгө үйрөткүбүз келет. Биз сизге өзүңүздү баланын тагдырын чечкен адамдын ордуна коюп көрүүнү сунуштайбыз. Сүрөт аркылуу баланын сезимдерин түшүнө аласызбы?

Авторлору: Александра Титова, Савия Хасанова

Иллюстрациялар: Яна Лысенко

Видео: Эржан Бейшеналы уулу, Бекжан Асылбеков

Которгондор: Кайрат Замирбеков, Алмир Алмамбетов