Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагында эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен сегиз киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитрлиги кабарлады.
Жол кырсыгы 20-декабрь күнү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 66 километринде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Volkswagen менен KIA үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Sputnik Кыргызстан басылмасы Volkswagen унаасында бир үй-бүлөдөн сегиз киши болгонун, анын алтоосу каза болгонун жазып чыкты. Алар:
- 35 жаштагы айдоочу;
- Айдоочунун 26 жаштагы аялы;
- Айдоочунун 63 жаштагы атасы;
- Айдоочунун 58 жаштагы апасы;
- Айдоочунун 7 жаштагы кызы;
- Айдоочунун 2 жаштагы уулу.
Мындан сырткары унаада айдоочунун кызы жана 41 жаштагы эжеси болгон — алар Токмок аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Ал эми KIA унаасында үч киши болгон: 19 жаштагы бала менен 54 жаштагы аял кырсык болгон жерден көз жумуп, 28 жаштагы айдоочу ооруканага түшкөн. Учурда айдоочунун абалы канааттандырарлык.