Жалал-Абад облусунда үстүбүздөгү жылдын январь айынан ноябрга чейин кыз ала качуу боюнча катталган 19 фактынын баары тергөөдөн кыскартылды. Бул тууралуу «Клоопко» 21-декабрда ОИИБден билдиришти.
Басма сөз катчы Шеркул Турганбаев билдиргендей, катталган иштердин тергөөдөн кыскарышына кыздардын ата-энелери «алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздары» себеп болгон.
«Жакын туугандары тосмо арыз жазса болот [...] Милиция өз ара келишип алды деген пикирге кошулбайбыз. Бардык арыз даттануулар мыйзам чегинде каралып, чечилет», — дейт ал.
Ошондой эле Турганбаев 2020-жылы 2019-жылга карата ала качуу фактылары «кыскарганын» кошумчалады — бир жыл мурда облустун аймагында 26 факты катталып, анын ичинен бирөө соттун кароосуна жиберилген, калганы кыскартылган.
Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган.
Ал эми Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузгандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.
Мындан эки жыл мурун Бурулай Турдалы кызы алакачылып, киши колдуу болгон — бул коомдо чоң резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качып кеткен. Экинчи жолкусунда эркек кишини милиция кармап, РИИБге ала качылып бараткан кыз менен чогуу камакка алган. Ал жактан кызды өлтүрүп салган.
Бурулайды ала качкан адам менен ага жардам бергендер соттолуп, кыздын өлтүрүлүшүнө жол берген милиционерлерге санкциялар колдонулганы менен коомдо дагы деле кыздарды ала качып, никеге турууга мажбурлагандардын аягы тыйыла элек.