Момбеков: «Коопсуз шаар» — жетинчи кабаттагы жемкорлор катышкан долбоор

Депутат Рыскелди Момбеков 22-декабрда парламенттин транспорт жана коммуникациялар боюнча жыйынында «Коопсуз шаар» долбоорун коррупциялык деп атады.

Жыйын учурунда ИИМдин өкүлдөрү депутаттарга жол кырсыктарынын жана андан каза тапкандардын саны долбоордун жардамы менен кыскарганын айтышты. Ошол эле учурда, ИИМдин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 9 айында 496, ал эми 2019-жылдын ушундай эле убакыт аралыгында 420 адам каза тапкан.

Момбеков «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырып жаткан команда туура эмес статистика берип жатканын билдирди. Анын айтымында, жол кырсыктарынын саны камералар орнотулган жерлерде гана кыскарууда.

«[Токмоктогу] жол кырсыгынан бир үй-бүлө кайтыш болду: атасы, баласы, келини, апасы, эки небереси. Ал жол кырсыгы силер мактап жаткан “Коопсуз шаар” иштеп турган жолдо болду. Намыс деген, абийир деген барбы ушул жакта? А силер [жол кырсыктары] 18%га азайды деп айтып жатпайсыңарбы азыр», — деди ал ИИМдин өкүлдөрүнө.

Анын айтымында, жол кырсыгынан каза тапкандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

«Мисалы, кечээ [Токмокто] алты киши набыт болгон, ал эми ооруканада экөөсү набыт болду, ошону менен сегиз болду. А силер алтоону киргизесиңер, экөөнү киргизбейсиңер. Бул алдамчылык да, мамлекеттик алдамчылык», — деп кошумчалады Момбеков.Ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Вега» концерни бюджетке 2 миллиард сом төктү деп маалымат бергени менен иш жүзүндө андан кыйла аз төккөнүн билдирди.

*«Коопсуз шаардын» биринчи этабын Орусиянын «Вега» концерни ишке ашырган. Концерн Бишкек жана Чүй облусунда 110 комплекс орноткон. Биринчи этабдын жалпы баасы 35 млн долларды түзгөн.

Депутат «Коопсуз шаарды» Ак үйдүн жетинчи кабатынын чөнтөк долбоору деп атады. Анын пикиринде, анын максаты — «аткаминерлердин чөнтөгү».

«“Коопсуз шаардын” орусчасы “Безопасный город”, эми “городду” тескерисинен окучу. “Дорог” болот туурабы?! Силердики “Безопасный дорог” да. 5 млн доллар салып, эки жылда 20 млн доллар чыгарып кетти», — деди Момбеков.

Анын пикири боюнча, Антикоррупциялык кызмат жана финпол экспертиза жүргүзүп, эмне үчүн долбоорду каржылоо боюнча дагы, жол кырсыктарын азайтуу боюнча дагы план аткарылбаганын аныкташы керек.

Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитети менен ЖКККББ «Коопсуз шаар» долбоору киргизилгенден кийин Бишкек менен Чүйдө жолдогу унаа кырсыктары жана коомдук жайлардагы кылмыштар «кыйла азайганын» көп жолу айтып келишкен.

Алардын маалыматы боюнча, Бишкекте программдык-аппараттык комплекстер орнотулган жерлерде жол кырсыктардын саны 72,2%га, ал эми Чүй облусунда эки эсе азайган. Мындан тышкары, коомдук жайлардагы кылмыштар «кыйла» кыскарган.

Бишкекте камералар жол кыймыл эрежелерин бузуунун жети түрүн аныктап, каттап турат.

«Коопсуз шаар»

Жол кыймыл эрежелерин бузууну каттаган жана аны алдын алган «Коопсуз шаар» системасы толук кандуу 2019-жылдын 4-мартынан тартып иштей баштаган. Ал Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жана Чүй облусундагы эл аралык мааниге ээ авто жолдордо автоунаа кыймылдарын күнү-түнү каттап жана кылмыштардын бетин ачууга багытталган.

«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасынын «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин идеясы боюнча «Акылдуу шаардын» ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтардын бир бөлүгүн онлайн алса болот.

Үстүбүздүгү жылдын августунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК) Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы башталганын, ал өлкөнү толук камтый турганын маалымдаган.

«“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу конушту камтыйт», — деп билдиришкен мамлекеттик комитеттен.

Жалпысынан бийлик 306 түйүндү аппараттык-программалык комплекстер менен жабдууну пландоодо. Алардын ичинен 266сы стационардык жана 40 көчмө түйүн. Мындан тышкары, ар кайсы түрдөгү үч миңден ашуун камераларды орнотуу пландалууда.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» кыталый компаниясы утуп алган. Ал долбоорду ишке ашырууга эң төмөн баа сунуштаган — 2 млрд 655 млн сом.

Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltdнын расмий сайтында айтылгандай, кытайлык инновациялык компания билим берүүдө, медицинада жана башка тармактарда жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырат. Ал 1997-жылы негизделген. Reutersтин маалыматы боюнча, компания Шэньчжэнь фонд биржасына 2010-жылы катталган.

Компания өзүн акылдуу шаар жаатында Кытайдагы жасалма жана интеллектуалдык жабдууларды өндүрүүчү алдыңкы ишкана катары көрсөтөт.