БШКга президенттикке талапкер Ташовдун үстүнөн арыз келип түштү

Боршайкомдун ыкчам чара көрүү координациялык тобу президенттикке талапкер Имамидин Ташовго карата келип түшкөн доо арызды карап жатат. Ташовго 5-октябрь күнү башаламандыктар учурунда көз жумган Алтынбек уулу Үмүтбекке батир бергендигине байланыштуу даттануу болгон.

Буга чейин социалдык тармакта Ташовдун каза болгон баланын жакындары менен жолугушкан видеосу тараган. Ошондой эле Үмүтбекти жерге берүү зыйнатында Ташовдун анын үй-бүлөсүнө сертификат тапшырган учурунда тартылган сүрөттөрү дагы бар.

Иштин документтери иликтөө үчүн ИИМге дагы жөнөтүлгөн.

Мурда Бишкек шаардык кеңешинин сайтында Үмүтбектин атасына батир берилгендиги тууралуу долбоор жайгаштырылган. Бирок азыр сайтта «ката кетти» деп чыгууда.

Куруучу, KG-group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов дагы президенттик шайлоого катышууну чечкен. Аз убакыт мурда ал депутаттыкка барууну кыялданып, «Замандаш» партиясы менен шайлоого катышкан.

2017-2018-жылдары ага таандык курулуш компаниясы үлүш ээлерин алдоого айыпталган. Ташов батир сатып алгандарга карата алдамчылык фактысын четке каккан.

Кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында бир күндө өтөт. Шайлоочулар мамлекет башчысынан тышкары, башкаруу формасын дагы тандашы керек болот.

БШК президенттике ат салышчу 18 талапкерди каттаган. Үгүт иштери 15-декабрда башталып 9-январга — добуш берүү алдындагы тынчтык күнүнө чейин уланат.

Үмүтбек

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын мүчөлөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг башташкан.

Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан.

Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан. Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон.

Кагылышуунун жүрүшүндө жүздөгөн адамдар жаракат алып, 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбек каза тапкан. Ал граната жарылган учурда оор жарадар болгон.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Үмөталиевдин айтымында, Үмүтбек ооруканага өтө оор абалда келип түшкөн.

«Биз ал жигитти жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз, бирок тилекке каршы сактап калууга мүмкүн болгон жок», — деген ал.

Алтынбек уулу болгону 19 жашта болчу. Ал үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунда маркумдун өз айылында өткөн.