«Контекст» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын медиа-эксперт Азим Азимов Садыр Жапаровго жана анын шайлоочулардын сүймөнчүгүнө айланганынын феноменине арнаган.

«Көптөгөн жарандар, жада калса журналисттер Жапаровдун бийликке триумфалдык келүүсүн күткөн эмес (...) Ал темир тор артынан президенттик кызматка келип баш айлангыдай карьера жасады», — дейт Азимов.

Чынында эле, 5-октябрдан алтысына караган түнү колониядан чыккандан кийин 10 күн өтпөй саясатчы премьер гана эмес, президенттин милдетин аткаруучу дагы болууга жетишкен. Өзүнүн министрлер кабинетин курап, ал тургай досторун дагы маанилүү кызматтарга дайындаганга үлгүргөн.

Азимов Жапаровдун тарапташтары анын атаандаштарын, ал тургай соцтармактагы сын пикир жазган жөнөкөй жарандарды деле коркутуп-үркүткөн учурларга көп ирет айыпталганына көңүл бурган. Медиа-эксперт Жапаровду колдогондордун арасында фейк аккаунттар дагы, реалдуу адамдар дагы бар деп эсептейт.

«Садыр Жапаровду колдогон постторду жарыялаган дасыккан жалданма комментаторлор бар. Бирок анын социалдык тармактагы колдоочулары дагы өтө көп экенин танууга болбойт. Ал эми тарапташтарынын риторикасы лидеринин өлкөнү саздан сууруп чыга турган куткаруучу экенине бекем ишенимге толгон», — дейт Азимов.

Жапаров 2019-жылы шайлоочулардын 3% ишенимине татыган эң таасирдүү саясатчылардын ондугунда пайда болгон. Ал эми 2020-жылы сентябрда, парламенттик шайлоонун алдында, анын рейтинги 8%га чейин өскөн.«Түрмө камерасы Жапаровго саясий катачылыктардан алыстаткан белгилүү бир капсула болуп берди», — деп эсептейт Азимов. Жапаров президенттик шайлоого катышуу үмүтү менен Кыргызстанга кайтып келгенде 2017-жылы кармалган.

Ал келери менен кармалып, ал эми досу Камчыбек Ташиев шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткен. Жапаров камакта отурганда ата-энесинин жана баласынын өлүмүн башынан өткөргөн.Ал эми 2017-жылдагы шайлоодо жеңген Сооронбай Жээнбеков, Азимовдун пикиринде, үч жыл «мокок саясат» жүргүзгөн. Саясатчылар менен журналисттер коррупциянын симовлуна айланган Райымюек Матраимовго сатылышкан, ал эми пандемия жарандардын мамлекетке болгон акыркы ишенимин жокко чыгарган.

«Эгер ойлонуп көрсөк, Садыр Жапаров эркиндикке чыкканда элдик колдоо жагынан алып караганда, ага реалдуу альтернатива жок болчу», — дейт Азимов.

Азимов Жапаровдун популярдуулугун сыры — адамдардын «классикалык саясатчылардан» көңүлү ирээнжип калганында деп эсептейт.

Азимов Жапаровго чыныгы атаандаштыкты Адахан Мадумаров гана жарата алат деп эсептейт. Бирок ал басымга кабылды. Ал эми Жапаров элдин колдоосун жана активдүү оппоненттердин жоктугунан пайдаланып шайлоодо жеңишке жетип, өзүнө керектүү референдумдарды «өткөрүп» алышы мүмкүн — мисалы, ал колдоп жаткан Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум.

Анткен менен Азимов Жапаровдо «баары сонун» дегенден алыс.

  • Жапаровду эл аралык коомчулук тааныган жок;
  • Орусиялык медиалар Жапаровду кылмыш дүйнөсү менен байланыштырып келет;
  • Орусиянын бийлиги Кыргызстанга жана анын лидерлерине ачык эле «балак уруп» жатат;
  • Өлкөдө кризис.

«Жыйынтыктарды көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жылчыгы абдан тар. Тарапташтары лидерин куткаруучу катары карап жатышат. Лидери болсо эл аралык изоляция, бюджеттин тартыштыгы, экономикалык өсүүгө жетүү боюнча көзү жеткен иш-аракеттери жок болуп жаткан шартта керемет көрсөтүшү керек болот», — дейт Азимов.

Жапаров кризис маалында «экономикалык мунапыс» менен бюджетти толтурууга аракет кылууда, бирок башка саясатчылар аны какшык менен «экономикалык төлөп кутулуу» деп, анын жардамы менен адамдар жоопкерчиликтен качып кетиши мүмкүн деп айтышууда. Азимов муну «жеңил пиар» деп атады.

Медиа-эксперт мындай саясат менен упай топтосо болорун, бирок экономика кыйроого учурайт деп эсептейт.

Ошондой эле Азимов Жапаровдун ЖМКларга таасир этүү аракеттерин сындады. Ал муну «коркунучтуу тренд» деп атады.

Азимовдун пикиринде, Жапаров чынында эле эң популярдуу саясатчы. Бирок журналисттерди куугунтуктоо жана геосаясаттагы жаңылыштыктардан улам буга чейинки саясатчылардын тагдыры кейиштүү аяктаганын эсинен чыгарбашы керек.