Өлкөдө COVID-19дун жаңы 157 учуру катталып, төрт киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 26-декабрда коронавирустун 157 жаңы учуру катталганын маалымдады. COVID-19ду жуктургандардын арасында үч медицина кызматкери бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 60 (бир медкызматкер);

Чүй облусу — 27;

Ысык-Көл облусу — 20;

Ош облусу — 20;

Жалал-Абад облусу — 10;

Ош шаары — 6 (бир медкызматкер);

Нарын облусу —5;

Талас облусу — 5;

Баткен облусу — 4 (бир медкызматкер).

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 300 бейтап айыкты. Айыккандардын арасында сегиз медик бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 102, Чүй облусунда — 97, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 25, Ош облусунда — 16, Баткен облусунда — 14, Ош шаарында — тогуз, Нарын облусунда беш жана Талас облусунда төрт бейтап айыгып, ооруканадан чыкты.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында төрт бейтаптын өмүрүн алды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 80 182 адамга жукту . Анын ичинен 74 477 бейтап айыгып, 1 344 киши көз жумду.

Учурда 1 303 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 63 киши өтө оор абалда. Ошондой эле 2 155 киши үй шартында дарыланууда.


Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.