ЖМК: Чүй облустук ЖКККБнын башчысы кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Бир катар ири ЖМКлар укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Чүй облусттук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) башчысы Шайырбек Бопоновдун кармалганы тууралуу жазып чыгышты.

ЖМКлардын малыматына ылайык, Бопонов алгач суракка чакырылган, андан соң ал кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ведомство андай адамдын кармалгандыгын тастыктап, бирок так жана кенен маалымат кийин айтыларын убадалаган.

Чүй облустук ЖКККБсы кызматкеринин кармалышы боюнча комментарий бере элек.

«Кактус Медиа» басылмасынын маалыматына караганда, буга чейин ушул эле башкармалыктын үч кызматкери кармалып, Бопоновго каршы көрсөтмө беришкен. Анткен менен Бопонов кайсы иш боюнча камалганы азырынча белгисиз.

Шайырбек Бопонов Чүй облустук ЖКККБны 2020-жылдын февраль айында жетектеп баштаган. Ага чейин, 2017-жылдын декабрь айынан баштап Бишкек шаардык ЖКККБсын башкарган.