Иманалиев: Люстрацияны туура эмес чечимдерди кабыл алган соттордон башташ керек

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев 28-декабрда КТРКда өтүп жаткан теледебаттарда соттук реформа тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, оппозицияда болгон саясатчыларга жана журналисттерге, ошондой эле жаш балдарды зордуктагандарга карата туура эмес чечим кабыл алган сотторду люстрациялоо керек.

«Биздин соттордун мыйзамсыз чечимдерин мекенди сатканга теңдешибиз керек. Ошондой эле, биз президенттин кийгилишүүсүн азайтышыбыз керек. Бүгүн судьяларды тандаган да, шайлаган да, жазалаган да, бошоткон да, сыйлаган да президент. Биз муну минимумга түшүрүп, сотторду тандоо кеңешине көбүрөөк ыйгарым укуктарды беришибиз керек», — деди Иманалиев.

Ошондой эле, Иманалиев алгач судьяларды үч жылга, эгерде бул убакыт аралыгында алардын чечимдеринин 90 пайызы экинчи инстанция тарабынан күчүндө калтырылса беш жылга дайындоону сунуштады. Депутат бул судьяларга стимул боло турганы менен түшүндүрдү.

Ал эми бул тенденция уланса, судьялардын мөөнөтү он жылга, кийинчерээк өмүр бою дайындалышы керек деп эсептейт Иманалиев.