КТРКда өтүп жаткан теледебаттарда президенттикке талапкер Канат Исаев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидер Адахан Мадумаровго административдик ресурс тууралуу суроо узатты.
«Бүгүнкү бийлик административдик ресурсту колдонуп жатабы? Сиз өз башыңыз менен сезип көрдүңүзбү? Жаңы бийлик келгенден кийин бир нерсе өзгөрдүбү?» — деп сурады Исаев.
«Бүгүнкү бийлик административдик ресурстарды 100 эмес, 200 пайыз колдонуп жатат. Айыл өкмөттөрүн титиреткен, УКМК, ИИМдин бүтүндөй балдары чуркап жүрүшөт. “Жөнөкөй адам катары барам” деген Жапаровду бүтүндөй облустардын жетекчилери алдына түшүп алып, чуркап тосуп алышат. Биз экөөбүздү андай тосуп алган жок, мен сизди көрдүм Кочкордо кантип тосуп алганын», — деди Мадумаров.
Мадумаров аны менен жолугушууга барып, суроолорду берген жарандар күч органдары тарабынан кысымга кабылып, суракка чакырылып жатканын кошумчалады.
Буга чейин Мадумаров анын Ысык-Көлгө үгүт иштери менен барганда бут тосуулар болгонун айтып чыккан болчу.