«Матраимов эч жакка кеткен жок». Депутат Матраимов иниси өлкөдөн кетпегенин айтты

Бишкектин экс-кеңешчиси Гуля Алмамбетова твиттерде бажынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткенин жазды.

«Райым ава Кыргызстандан тю-тю болуп [чыгып кеткенин] кеткенин билесиңерби?» — деп жазган ал.

Ал эми Райымбек Матраимовдун агасы, парламент депутаты Искендер Матраимов иниси эч жакка кетпегенин, ушул тапта өлкө ичинде экендигин 24.kg басылмасына билдирген.

Эл өкүлү мындан тышкары, Алмамбетовага «өз ишин кылуусун» дагы сунуштаган.

«Гуля Алмамбетова деген ким экен? Анын биздин үй-бүлөгө кандай тиешеси бар экен? Ал жумушсуз калып, эми кыларга иши жок отурат. Өз ишин кылсын. Райымбек Матраимов Кыргызстанда, эч жакка кеткен жок», — деди ал.Ал эми УКМКдан Матраимовдун чыгып кеткени боюнча маалымат жоктугун айтып, журналисттерди Чек ара кызматына жөнөтүштү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 24.kgге кимдир бирөөнүн кирип-чыкканы тууралуу маалыматты жарыялоого укугу жок экенин айтышкан.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Кыргызстандын мыйзамында Матраимов келтирген чыгымдын ордун толтуруп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат деген жобо жок. Бирок Жазык кодексине сунушталган мындай түзөтүүлөр коомдук талкууда каралып жатат.

Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктай элек — УКМК анын бажы башчысынын орун басарлык кызматанан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун карап жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи.