Экономикабыздын “омурткасы” деп саналган чакан жана орто бизнес коронавирус илдетинин натыйжаларынан эң орчундуу чабуулга дуушар болду. Адистер экономикадагы жоготууларды толугу менен санап бүтө элек (анткени пандемия бүтө элек), бирок 2020-жыл азыртан эле “эң жаман” жылдардын бири катары эсте калаары шексиз.

Бул макала “МедиаСторис” сторителлинг бюросу жана пандемия учурунда 3 миллион сомдон ашык суммада 700дөй чакан жана орто тамактануу түйүндөрүнө колдоо көрсөткөн “Кока-Кола Кыргызстан” компаниясы тарабынан даярдалды.

“Атайын Жаңы Жылга деп кызматкерлерибиз ушинтип сүрөт тартып кооздоп коюшту”, - деп MADFOOD тез тамактануу түйүнүнүн директору Айгерим Аильчиева терезеде тартылган сүрөттөрдү көрсөттү. Ордо калаабыз боюнча MADFOOD түйүнүнүн үч кафеси бар, биз болсо азыр Эркиндик бульварында жайгашкан кафеде отурабыз.

MADFOOD 2017-жылы ачылып азыркы күндө ордо калаа боюнча MADFOOD түйүнүнүн үч кафеси бар. Пандемиядан мурун үй-бүлөлөр менен келип шаңдуу кечелер өткөн, тегеректе жайгашкан эл аралык уюмдардан жана компаниялардын кызматкерлери түшкү тамактанууга келген жерлерден эле.

Бирок 2020-жылдын март айынын соңунда баары өзгөрдү - COVID19 илдетинин жайылып кетишин алдын алуу үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Өзгөчө кырдаал менен бирге кафе, ресторан, мейманкана жана эс алуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилди. Тамактануу түйүндөрү буйрутма менен тамак жеткирүү кызматын гана көрсөтө алышат эле.

“Аябай эле кыйналдык - мартта киргизилген каттуу чектөөлөр аябай эле таасир этти. Мындан сырткары, бир канча кафеси бар түйүндөрдүн бирөө гана иштөөсү керек дешти”, - дейт MADFOOD түйүнүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Максат.

Анын айтымында, бизнес үчүн эң негизги маселелердин бири - мүмкүн болушунча кызматкерлерди жана иш орундарын сактап калуу эле.

“Карантин учурунда иштебей эле жабалы деген ой кеткен. Ошондо кызматкерлерибиз “Айгерим эже, иштейбиз, иштешибиз керек” дешти. Кээ бирөөлөрү үйүнөн жөө келип иштеп жатышты, анан велосипед менен келе башташты. Ишин сүйгөндүгү үчүн, иштегиси келгендиги үчүн Кызыл-Аскерден бери жөө келип иштеген кызматкерлерим бар”, - деп Аильчиева кошумчалады.

“Кызматкерлерибизди сактап калыш үчүн башка нерселерди чектөөгө, кыскартууга аракет кылдык. Аябай эле чектедик өзүбүздү. Маркетингге кеткен каражаттар, кымбат крафт кагаздан баштыктар сыяктуу нерселерди кыскарттык. Жабылбайлы деп бюджетти кыскарттык”, - деп кошумчалады.

“Айыл жергесинде үйү барларды айылга жөнөттүк, бакчада бир нерселерди айдап өз жанын бага алат, ач калбайт деп. Ал эми шаарда калып айылга кете албагандар үчүн беш сменадан иш тартибин киргиздик, аздан болсо да баары иштей алсын деп”, - дейт Айгерим.

Даниярдын айтымында, карантин мезгилинде кызматкерлеринин жарымын эмгек эргүүсүнө чыгарды.

Башка кафелерге салыштырмалуу MADFOOD түйүнү кызматкерлерин сактап калды. Ал эми “Очак Кебаб” кафесинин директору Булан Ормокееванын айтымында пандемия учурдуна тамак жасай турган төрт кызматкерин гана калтырып, калгандарын иштен бошотууга аргасыз болду.

“Кызматкерлерибиз ишсиз калды. Аз да болсо буйрутма менен тамак жеткирип жаттык. “Кока-Кола” аябай жардам көрсөттү, бекер ичимдиктерди алып келип, атайын форма жана идиштерди беришти”.

«Кока-Кола» компаниясы пандемия учурунда 3 миллион сомдон ашык суммада Кыргызстандын аймагы боюнча 700дөй чакан жана орто тамактануу түйүндөрүнө колдоо көрсөттү.

Анын айтымында пандемиядан мурун 25 кызматкер бар эле, ал эми карантин жана анын кесепеттеринен кызматкерлеринин санын 10го чейин кыскартууга аргасыз болду.

Ал эми NY Pizza карантинден эки эсе зыян көргөндөрдөн болду: өзгөчө кырдаал киргизилгенде Бишкектин борбордук бөлүгү толугу менен жабылып, кафелердин ээлери иштөө үчүн атайын уруксат документин ала алышпай үч ай карантин бою иштей алышпады.

“Республикалык Штаб талап кылган документтерди алып бардык, бирок ишке жарабады. Үч ай бою иштебедик. Буйрутма алып үйгө жеткирип берүү кызматын да көрсөтө алган жокпуз. Айла жоктон анан кызматкерлерибизди кыскартууга аргасыз болдук”, - дейт NY Pizza кафесинин башкы бухгалтери Чинара Осурбаева.

Мындан сырткары пандемиянын башталышы менен сатуулар кескин түрдө төмөндөгөнүн белгилеп өттү.

“Ачылгандан бери киреше 40% төмөндөп кетти, мындан сырткары пандемия азык-түлүктөрдүн баасына да таасир тийгизди, баары кымбаттады. Кардарларды жоготпойлу деп бааларды жогорулатпоого аракет кылып жатабыз. Ансыз деле пандемия үчүн кардарларыбыз азайды. Анын үстүнө кардарлардын сатып алуу күчү да төмөндөдү”, - деп кошумчалады бухгалтер айым.

NY Pizza кызматкерлеринин 40% кыскартууга аргасыз болду. “Мурун 20 киши иштечү, 7-8 кишини иштен бошоттук, бир канча официант, ашпозчу жана курьерлер гана калды”, - дейт Осурбаева.

Кирешелер төмөндөдү

“Карантин учурунда кирешелер 50%га төмөндөдү, ал эми жалпысынан мурдагы жыл менен салыштырмалуу 30%га төмөндөө бар. Баарыбыз үчүн эле оор жыл болду да, элдин да акчасы жок”, - дейт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча мурдагы жылга салыштырмалуу 2020-жылдын тогуз айы боюнча чакан жана орто ишкердиктердин жоготуулары 41% же 6 миллиард сомду түздү.

“Карантинден кийин ачылганда, албетте, кирешелер кескин түрдө төмөндөп кетти. Азыр болсо эптеп аренданы, калган кызматкерлерибиздин айлык акысын төлөп берүү үчүн иштеп жатабыз. Эптеп аракет кылып жатабыз”, - дейт Чинара Осурбаева.

“Очак Кебабдын” өкүлү Булан Ормокеева да бул пикирге кошулуп, пандемия башталгандан бери киреше 70% төмөндөгөнүн белгилеп өттү.

“Баары үйдө отурду, ишке чыкпай үйдөн иштешти, албетте бул кафелердин кирешесине таасирин тийгизди. Сатуулар 70%га чейин төмөндөп кетти. Карантинден кийин бир аз да болсо жылыш бар, бирок албетте 100% эмес. Элдер мурдагыдай көп келбей калды да, коркуп”, - дейт Булан.

Жыл ичинде канча бизнес жабылгандыгы боюнча толук статистикалык маалыматтар азырынча жок, бирок шаар боюнча баратып “батирге берилет” деген жазуулар арбыды.

Ишкердүүлүктөрдүн жабылышы жөнүндө Экономика министрлиги да коңугроо кагып жатат - ноябрь айынын башындагы маалыматтарга караганда жергиликтүү компаниялар чет элдик компаниялар менен баа жана сапат көрсөткүчтөрү боюнча атаандаша албай жатышат.

“Бул ишкерлердин жана кызматкерлеринин потенциалынын төмөн болушу менен байланыштуу”, - дейт экономика министри Санжар Мукамбетов

Мындан сырткары чакан жана орто бизнести колдоо программасы жөнүндө сөздөр айтылды, бирок ишкерлердин айтымында өкмөт колдоо көрсөтүү менен аябай кечигип жатат.

Өзгөчө насыяларды төгүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө көп айтылды, бирок үстөк пайыздарды төгүүнүн мөөнөтү гана узартылды. Бизнес июнда иштеп баштады, ал эми насыялар боюнча мөөнөт 2020-жылдын октябрь айына чейин гана узартылды. Тилекке каршы бул жеңилдеттүү жеткиликтүү эмес, анткени орто жана чакан бизнестин кирешеси пандемиядан мурунку деңгээлге, тагыраак айтканда, кызматкерлеринин айлык акысын төлөө менен бирге насыяны да төгүүгө жеткендей деңгээлге кайтпады.

“Ооба, банктар жеңилдетүүгө барып, үстөк пайыздарды төгүү мөөнөтүн узартты”, - дейт Чинара Осурбаева.

MADFOOD түйүнүнүн өкүлү Данияр Максат насыяны реструктуризациялагандыгын (насыяны төгүүнүн шарттарын өзгөртүү) айтып, бирок бизнести сактап калуу үчүн апрель-июнь айларында кошумча дагы карыз алгандыгын белгиледи.

“Бул кадамдарга карабастан мурдагы киреше деңгээлине кайтпадык жана карантинден оңой чыгып кете албадык. Кошумча карыз алууга аргасыз болдук. Мамлекет жеткиликтүү колдоо көрсөтсө жакшы болмок. Мыйзамдар боюнча эгер өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилсе мамлекет тарабынан жоготуулар төлөп берилиши керек эле. Бирок, тилекке каршы биздин мамлекетте бул мүмкүн эместей”, - дейт MADFOODдун негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Максат.

Мындан сырткары, жылдын аягында азык-түлүктөрдүн баасынын кескин түрдө жогорулап кетиши кырдаалды дагы да курчутту дейт. Октябрь-ноябрь айында баалар 15-20%га көтөрүлдү.

«2021-жыл жакшы болот деп үмүттөнөбүз»

“Эми алдыда иштер кандай болот деп так айтуу оор. Бирок 2021-жылы пандемия бүтсө, экономика акырындык менен жанданат деп үмүттөнөбүз”, - дейт NY Pizzaнын башкы бухгалтери Чынара Осурбаева.

Жаңы жылдын алдында “Кока-Кола” компаниясы жардам бергендигин айтып, ар кандай арзандатуу жана жеңилдиктерди берип, тамак жеткирип берүү кызматтары аркылуу кызматташтыктар курулгандыгын айтты.

“Киреше алууну азыр эч ким сөз кылбайт, болгону жабылбай, эптеп пандемиядан чыгып кетсек”, - деп кошумчалады.

Булан Ормокеева да пандемия бүткөндө мурдагы киреше деңгээлинде кайра иштеп кете алабыз деп үмүттөнөбүз дейт.

“Баары ордуна келет деп үмүттөнөбүз. Ишибизди албетте, уланта беребиз. Жоготуусуз уланта алабыз деп үмүттөнөбүз”, - дейт Булан айым.

Данияр Максат жана Айгерим Аильчиева 2020-жылы кызматкерлери үчүн иш орундарын сактап калгандыгын айтып, 2021-жыл жемиштүү жылдардан болсо экен деген үмүттөрү менен бөлүшүштү.

“Жок, биз жабылбайбыз. MADFOOD - бул жөн гана бизнес эмес, көчө тамактары да (стритфуд) даамдуу, пайдалуу жана премиалдуу боло алаары жөнүндөгү идея”, - дейт Данияр Максат.

Жогоруда аты айтылган кафелерде декабрь айынан баштап атайын “Кока-Кола комбо” менюсун “Намба Фуд” же “Ковер Самолет” жеткирип берүү кызматтары аркылуу буйуртма менен алсаңыз болот. Мындан сырткары, 2GIS тиркемесинде “Кока-Коладан” комбо-менюларды сунуштаган бардык кафе-ресторандардын тизмесин таба аласыздар.

Европа жана Америкада COVID-19 илдетинин экинчи толкуну башталды. Өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө кайрадан карантин жарыяланып кафе-ресторандардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөр киргизилип жатат. Кыргызстандын орто жана чакан тамактануу түйүндөрү экинчи карантинге туруштук бере албай калышы мүмкүн. Бирок ишкерлер үмүттөрүн азырынча үзүшпөдү.