«Эртең дешет же эртеңи келбейт». Октябрь окуяларында жабыркагандар жардамсыз калды

Октябрь окуяларында жабыр тарткандар бийликке жана элди парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгууга үндөгөн саясатчыларга кайрылышты. Алар бир дагы саясатчы жаракат алгандарга жардам көрсөтпөй, бизди «колдонуп» кетишти деп эсептешет.

Жабыркандарга жардам керек

Жабыркагандар «Шумкарлар» аталышындагы коомдук бирикме түзүп, анын курамына 29 адам кирген — көпчүлүгү көзү жабыркагандар.

Алардын маалыматында, 6-октябрдагы митингчилерди таркатууда 1 150 адам жарадар болгон, 150 жаран дарыланууга муктаж болсо, 45 кишинин абалы оор, 8 адамга көзүнө операция жасоо керек.

«Азыр жүз киши үйдө жатат, алар иштей алышпайт. Көздөрү жабыркагандарга 3 килограммдан ашык көтөрсө болбойт. Азыр кыш, жылытуу сезону, бул балдар өз үйлөрүн да жылыта алышпайт, анткени кадимки эле көмүрдү мешке ыргыта алышпайт. Аларда акча да жок, анткени иштей алышпайт, бирок үй-бүлөлөрүн багыш керек. Алар ден соолугун калыбына келтириш керек», — деп айтып беришти жабыркагандар.

Бийликке жана саясатчыларга кайрылган адамдар октябрдагы нааразылык акцияга өз каалоосу менен келишкенин, эч ким аларды ташып келбегенин баса белгилешкен. Алардын айтымында, митингде «Кетсин!» деп кыйкырып жүргөн партия лидерлери кыйын күн келгенде дайынын билгизбей кетишкен.

Мобилдик операторлорго жана экс-президентке карата доо арыз

«Шумкарлардын» мүчөлөрү экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазып кайрылышкан. Алардын айтымында, экс-президент эч кандай аракет көргөн эмес, ал күч түзүмдөрүнө атайын каражаттарды колдонуу жана көздөн жаш чыгаруугу куралдардан атуу менен элди таркатуу тууралуу буйрук берген.

Ошондой эле жабыркагандар Beeline, O! жана MegaCom байланыш операторлорунун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазышкан. Алардын ою боюнча, мобилдик операторлор 6-октябрга караган түнү сигналды басаңдатышкан. Жыйынтыгында жабыркагандар тез жардамга телефон чала албай калган.

«Карапайым адамдар ары-бери өткөн унааларды токтотуп, жабыркагандарды ооруканага жеткирүүнү суранып жүгүрүп жүрдү. Убакыттан уттуруп койдук, аларды сактап калууга мүмкүнчүлүк бар болчу», — дешет алар.

Жабыркагандар элди аянтка чыгууга чакырган саясатчылардын баарын кызмат алгандан кийин өз элин калтырып кетпөөгө чакырышты. Алар Элвира Сурабалдиева, Сыймык Жапыкеев, Рыскелди Момбеков, Адахан Мадумаров жана башка 5-октябрда митиг уюштурган лидерлерге жекеме-жеке кайрылышты.

Алардын айтымында, алар бул саясатчыларга бир нече жолу аныктамаларды жана медициналык корутундуларды көрсөтүп, жардам сурап кайрылышкан, бирок аларга көңүл бурбай жатышат.«Эртең жардам беребиз дешет же эртеңи келбейт. Балдарга чукул арада жардам керек», — дешти жабыркагандар.

Октябрь окуялары

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин массалык митинг башталган. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган миңдеген адам митингге чыккан.

Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан. Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.

Ондогон ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт чыгарышкан.

Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Нааразычылыктардын шарданы менен абактагы айрым саясатчылар, анын ичинде парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров эркиндикке чыккан. Абактан чыккандан кийин Жапаров өзүн-өзү премьер-министрлик кызматка дайындап, андан соң тарапташтарынын кысымы менен алтынчы чакырылыштын депутаттары аны бул кызматка бекитишкен.

Кийин Жапаров коркутуп-үркүтүүнүн арты менен президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирип, анын ордун ээлеп алган. 14-ноябрда Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.