Караңгы, ЖЭБдеги үн жана Өзбекстан. Эмне үчүн 5-январда Бишкекте жарык өчүрүлдү?

5-январда Бишкектин жана Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчкөн. Саат 18:00 чамасында өчкөн жарык кээ бир райондордо көп өтпөй кайра күйсө, башкалары 22:00гө чейин күтүүгө аргасыз болушкан.

«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» электр энергиясынын өчүрүлүшүн төмөндөгүдөй түшүндүрдү: 5-январда саат 17:43тө Борбор Азиянын бириккен энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан ажырап, мындан улам Бишкектин жана Чүй облусунун айрым райондорунда жарык өчкөн.

«Кыргызстандын улуттук электр тармактарынан» белгилешкендей, энергосистемадагы жыштык автоматтык жыштыктык бошотуунун иштешине алып келе турган деңгээлге чейин төмөндөгөн.

«Өзбекстандын энергосистемасындагы электр энергиясы ашык болгону себепкер болгон. 17:59да (казак энергосистемасында) 530 электр берүү линиясы транзитке киргизилип, Кыргызстандын энергосистемасынан жыштыкты жөндөө алынган. 18:15те ЭБЛ-532, ЭБЛ-539 транзитке киргизилген. АЖБдан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо калыбына келтирилген», — деп билдиришти компаниянын басма сөз кызматынан.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги Борбор Азия менен Казакстанды байланыштырган бирдиктүү энергетикалык тутумунун электр берүү чубалгаларында пландан тышкаркы болгон өчүрүүлөргө байланыштуу жакынкы сааттарда республиканын аймагында электр энергиясы кыска мөөнөткө өчүрүлүп турары байкаларын билдирди.

ЖЭБдеги күрүлдөгөн эмне?

Ошондой эле 6-октябрга караган түнү Бишкектин тургундарын ЖЭБ тараптан чыгып, 5-10 мүнөткө созулган күүлдөгөн добуш чочуткан. «Электр станциялары» ААК ИА 24.kg басылмасына Бишкек ЖЭБинде ашыкча буу технологиялык жол менен сыртка чыгарылганын билдирген.

«Адатта сыртка чыгарылган ашыкча буунун ылдымдыгы секундасына 1-11 метрди түзөт, мындан улам добуш катуу чыгат. Бишкек ЖЭБи жана «Электр станциялары» ААКнын башка филалдары штаттык режимде иштеп жатат. Мындай процесс маал-маалы менен болуп турат, балким түнкү тынчтыктан улам көндүм болбогондой катуу угулгандыр», — деп билдирген басма сөз кызматтан.

Биринчи эле жолу эмес

Узаган жылдын 29-октябрында Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы менен жылуулук берүү өчүрүлгөн. Шаардыктар электр жарыгы бир нече саат айырма менен өчүрүлүп турганын айтышкан.

Анда «Түндүк электр» ишканасынан электр жарыгынын өчүүсүнө жогорку вольттогу подстанциянын чыңалуусу жоголуп кеткендиги себеп экенин кабарлашкан.

Айрымдар жарыктын өчүрүлүшү ЖЭБдеги аварияга байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдошкон — бул күнү күбөлөр жылуулук борборунун үстүндөгү ак булуттарды көрүшкөн. Бирок Улуттук энергохолдингден Бишкек ЖЭБинде авария болбогонун билдиришкен.

Холдингдин маалыматына ылайык, жогорку чыңалуудагы тутумдардагы аварияга байланыштуу ЖЭБде коргоо жабдыгы иштеп кеткендиктен буу чыккан.

Кийин ведомстволор аралык комиссия Бишкектеги 29-октябрда жарыктын өчүрүлүшүнүн себебин изилдеп чыккан соң, Бишкек ЖЭБдин мештеринен ашыкча буунун чыгарылышына жабдуулардын иштелип чыккан ашыкча буунун басымынан коргоочу системасы иштегени себеп болгонун аныктаган.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында, «Электр станциялары» ААКы, «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКы жана «Түндүк электр» ААКынын кызматкерлери техникалык коопсуздук боюнча эрежелерди бузгандыгы үчүн айыппулга жыгылып, электр коопсуздугу боюнча кезексиз текшерүү дайындалган.

Электр энергиясынын тартыштыгы

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайып, ошондуктан өндүрүмдөгү электр энергиясынын көлөмү азайып кеткен. Мурда бул убакытка карай 16-17 млрд куб метр суу топтолуп калчу, ал эми 2020-жылдын 19-декабрына карата маалыматка ылайык, суу болгону 13,7 млрд куб метр топтолгон.

Ошондой эле кышкы суук түшкөнүнө байланыштуу калк электр энергиясын кыйла көп колдоно баштаган. Бийлик маал-маалы менен өчүрүүлөр болбосун убада кылып, бирок үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонуп, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.