Бишкекте 6-январда «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйында ички иштер министринин орун басары менен ведомствонун башка өкүлдөрү министрлик кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүгө даяр экенин билдиришти. Алар президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондорго карата күч колдонулбайт деп убадалашты. Бирок, ошол эле учурда ведомствонун өкүлдөрү өлкөдөгү абалды туруксуздыштыруу аракеттерине катуу чаралар көрүлөрүн маалымдашты.
«Клооп» басма сөз жыйындын урунттуу учурларын баяндап берет.
Абалды курчутууга жол берилбейт
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов укук коргоо органдары президенттик шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү чараларды көрүп жатканын билдирди.
Ал укук коргоо органдары ЖМКны, социалдык тармактарды, видеохостингдерди, телерадиоберүү комапнияларын күнү-түнү мониторинг кылып, чындыкка дал келбеген маалыматтардын алдын алуу чараларын көрүп жатканын белгиледи.
«Биз айрым жарандарга Whatsapp жана башка социалдык тармактар аркылуу абалды курчутууга багытталган жалган маалыматтар таратылып жатканын билебиз. Кыргызстандагы социалдык-саясий абалды курчутууга багытталган кандай гана аракет болбосун мыйзам чегинде, катуу жазаланат. Ички иштер министрлиги коомдо башаламандык жаратууга жол бербейт, коомдук тартипти бузган айыпкерлер мыйзамга ылайык жоопко тартылат», — деди ал.
11 миң милиционер
Ички иштер министринин орун басары шайлоо жана референдум күнү коомдук тартипти 11 миң милиционер камсыздарын билдирди. Милиция кызматкерлери менен биргеликте 9 миң адамдан турган элдик кошуун да тартипти сактайт.
Ошондой эле, шайлоо күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Күч колдонулбайт
Октябрь Урмамбетов билдиргендей, милиция кезексиз президенттик шайлоодон кийин октябрь окуяларынын кайталанышына жол бербейт.
«Бизде шайлоого жакын жана шайлоодон кийин туруксуздаштыруу жана чагым кылуу аракеттери болушу мүмкүн деген маалымат бар. Учурда биз текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок конкреттүү талапкерлери мындай аракеттерди кылат деп айта албайбыз», — деп айтты министрдин орун басары.
* Президенттикке талапкерлердин айрымдары өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу боюнча даярдык көрүп жатышканы тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген. Ал шайлоодон кийин бир катар талапкерлер бул үчүн жоопкерчиликке тартыларын айткан.
Урмамбетов башалмандыктар болсо ИИМ жетекчилиги качып кетпей турганын белгиледи.
* Октябрь окуялары учурунда ИИМдин башчысы болуп турган Кашкар Жунушалиев кызмат ордун таштап, качып кеткен. Анын жүргөн жери эмдигиче белгисиз. Ал учурда издөөгө жарыяланган.
Ошондой эле ал башаламандыктардын алдын алуу үчүн милициянын күчү жана каражаты жетиштүү экенин баса белгилеп, бирок милиция күч колдонбой турганын убадалады.
Парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу фактылары боюнча иштер
ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов парламенттик шайлоодон кийин КЖБРге 175 кылмыш катталганын билдирди.
Анын айтымында, жети адам фигурант болгон сегиз кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
«Азыр бул кылмыш иштери Ош шаардык, Ош жана Баткен облусттук сотторунда каралып жатат. Добуш сатып алган 13 факты иликтенип жатат, калган фактылар боюнча кылмыштын белгилери жок болгондуктан иш кыскартылган», — деди Айткурманов
Октябрь окуяларындагы башаламандыктар фактысы боюнча иштер
Айткурмановдун маалыматына караганда, 6-октябрга карагана түнү Ала-Тоо аянтында болгон массалык башаламандыктар иши боюнча 5 факт КЖБРге катталган.
«Фигуранттар бар, бирок азырынча эч кимге айып тагыла элек», — деди ал.
Ал БШК мүчөлөрү ИИМге күбө катары чакырылганын жана аларга карата кылмыш иши козголбогонун белгиледи. Анын айтымында, тергөө органдары 3000ден ашуун адамды суракка алган, алардын ичинде саясатчылар, БШК мүчөлөрү, жеке ишкерлер жана милиция кызматкерлери дагы бар.
Октябрь окуялары
5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин массалык митинг башталган. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган миңдеген адам митингге чыккан.Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан. Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.
Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.
Ондогон ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.
Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт чыгарышкан.
Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.
Нааразычылыктардын шарданы менен абактагы айрым саясатчылар, анын ичинде парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров эркиндикке чыккан. Абактан чыккандан кийин Жапаров өзүн-өзү премьер-министрлик кызматка дайындап, андан соң тарапташтарынын кысымы менен алтынчы чакырылыштын депутаттары аны бул кызматка бекитишкен.
Кийин Жапаров коркутуп-үркүтүүнүн арты менен президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирип, анын ордун ээлеп алган. 14-ноябрда Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.
Кезексиз президенттик шайлоо менен кошо 10-январда кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандай турган референдум дагы өтөт.