Угуш керек: Караколдун Youth Harmony тобу Цойдун «Перемен» ырына кавер аткарды

Караколдун Youth Harmony аттуу музыкалык тобу Виктор Цойдун «Перемен» ырына кавер аткарып, клип тартты. Ырчылар кыргызстандыктардын жаркын келечекке жана жаңы бийликке болгон орундалбаган үмүтү тууралуу ырдашты.

«Биздин жер, биздин өлкө, мекенибиз Кыргызстан! Элиң дагы канча азап чегет? Өзүмчүлдүк менен бийлик кайрадан келди тактыга, кайда сенин жаңы жарыгың? Тоодой үмүтүң, ал жокко эсе.

Биздин жүрөктөр өзгөрүүнү каалайт. Биздин каректер өзгөрүүнү каалайт. Күлкүбүз, көз жашыбыз, ал тургай ар бир каккан кан тымырыбыз — өзгөрүүнү самайт, биз өзгөрүүнү күтүп келебиз», — деп ырдаган музыканттар.

Музыканттардын айтымында, алар бул ырды «адамдардын жүрөгүн ачып, кайра ойлонууга өбөлгө болот» деген үмүттө жаздырышкан.