2021-жылдын 10-январында эл башкаруу формасын тандайт. Дүйнөдө көп эле аралаш башкаруу формалары бар, бирок Кыргызстандын бийлиги жарандарга экөөнүн бирөөсүн гана тандоону сунуштап жатат. Эл мындан ары кандай республикада жашай турганын аныктап алууга тийиш —президенттик, парламенттик — же болбосо эки вариантка тең каршы добуш берүүгө болот. «Клооп» бул эки башкаруу формасы бири-биринен эмнеси менен айырмалана турганын түшүндүрүп берет.
Президенттик республика болгондо баарын бир адам башкарабы?
Кыскача айтканда, ооба. Өлкөнүн башкаруу формасы ушундай болгон учурда бийликтин баары бир адамдын колуна топтолот — адатта ал президент. Өлкөдө премьер-министр, парламент дагы болот, бирок алардын ыйгарымдары кыйла чектелет.
Президенттин ыйгарымдары болсо өтө кеңири — ал өкмөттүн курамын аныктайт, аларды башкара алат жана эч кимдин алдында отчет бербейт. Ошондой эле, президент өлкөнүн тышкы саясатын өзү билгендей жүргүзөт.
Президенттик башкаруу формасын колдогондор аны жакшы деп макташат — бийликтин баары бир адамдын колунда болот, демек андан талап кылса болот деген жүйөө келтиришет.
Бирок, бүткүл бийлик бир адамдын колуна топтолгондо авторитаризм жана диктатура коркунучу жаралат.
Дүйнөдө президенттик башкаруу формасы менен жашаган ондогон өлкөлөр бар, алардын айрымдарында таптакыр эле премьер-министр кызматы жок. Аларга Ооганстанды, Чилини, Колумбияны жана канчалык өөн угулса да АКШны кошсок болот.
Президенттик башкаруу формасы постсоветтик чөлкөмдө дагы популярдуу. Ошол эле учурда, бул аймакта бир эле адам ондогон жылдар бою бийликте отурган мамлекеттер бар.
Маселен, Владимир Путин жалпысынан 16 жылдан бери Орусиянын президенти болуп иштеп келет. Нурсултан Назарбаев Казакстанды 29 жыл башкарган. Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов өлкөнү көзү өткөнгөн чейин 25 жыл башкарган. «Улут лидери» Эмомали Рахмон Тажикстанды жетектегенине 26 жыл болду.
Ушунча жыл Беларусь президенти Александр Лукашенко дагы тактыдан түшпөй келет. Ал 2020-жылдын август айында өткөн президенттик шайлоодо дагы жеңишке жеткенин жарыялаган. Бирок АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Лукашенконун жеңишин тааныган жок, ал эми Беларусь өлкөсүндө жарым жылдан бери шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин нааразычылык акциялары тынчыбай келет.
Кыргызстан 2010-жылга чейин президенттик республика болуп келген. Анткен менен бул убакыт арылыгына чейин кыргызстандыктар эки президентти кулатышты — Аскар Акаевди жана Курманбек Бакиевди. Алардын экөөсү тең бүткүл бийликти өз колуна жыйнап, президент болуп турган учурунда кылган кылмыштары үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылышкан жок.
Эгерде өлкөдө парламенттик башкаруу формасы орносо мамлекетти ким башкарат?
Жооп суроонун өзүндө катылган: парламент. Айрым парламенттик башкаруу орногон өлкөлөрдө жарандар алгач депутаттарды шайлашат, эл өкүлдөрү өз кезегинде премьер-министрди жана президентти дайындайт. Ал тургай, парламентарийлер министрлер кабинетинин курамын аныкташат.
Демек, өлкөдөгү негизги бийлик парламент менен премьер-министрдин ортосунда бөлүштүрүлгөн.
Президентке бул учурда формалдуу гана функция берилген. Мисалы, ал өлкө боюнча же чет өлкөгө иш сапарларына чыгат.
Премьер-министр парламенттин алдында отчёт берет, ал эми президент бербейт. Анын үстүнө, президент премьер-министрди өзү кызматтан ала албайт. Президент өкмөттүн айрым мүчөлөрүн гана кызматтан бошото алат, ошондо да ага премьер-министрдин макулдугу керек.
Ушундай башкаруу түзүлүшүнө Германия мисал болуп бере алат. Германиянын президенти болуп Франк-Вальтер Штайнмайер эсептелерин билчү белеңер? Эгер билген эмес болсоңор, анда бул үчүн уялуунун эч кажети жок. Себеп дегенде силер көбүнчө өлкө үчүн бардык маанилүү чечимдерди кабыл алып жүргөн канцлер, мындайча айтканда премьер-министр Ангела Меркель жөнүндө угуп жүрөсүздөр. Анткени негизги бийлик дал ошол Меркелдин колуна топтолгон.
Кыргызстанда башкаруу формасы кандай?
Кыргызстанда аралаш башкаруу формасы өкүм сүрөт. Бийлик президент менен парламенттин ортосунда бөлүштүрүлгөнүн түшүндүрөт. Биздин өлкөдө президентти депутаттар эмес, дайыма эл шайлап келген.
Парламент премьер-министрди жана өкмөттү шайлайт, алар президентке эмес парламентке отчет берет.
Ага карабай, президенттин ыйгарым укуктары дээрлик көп
Мисалы, президент парламенттин айрым мыйзамдарына вето коё алат, айрым министрлерди отставкага кетирет. Ошону менен катар быйылкы жылы болгондой өзгөчө кырдаал (ӨК), өзгөчө абал (ӨА) режимин киргизгенге укуктуу. Андан тышкары, парламент алдында кылган иштерине жооп берүүгө милдеттүү эмес.
Кыргызстандын премьер-министринде мындай мүмкүнчүлүк жок. Өкмөт башчы депутаттардын алдына чыгып, министрликтердин жана ведомстволордун иши тууралуу айтып берүүгө милдеттүү.
Кыргызстанда аралаш башкаруу формасы 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин кабыл алынган — ошондо жаңы Конституция кабыл алынган, ал эми анын авторлору президенттин ыйгарымдарын чектеп, парламенттин ролун кыйла күчөткөн.
Ага карабай, Кыргызстанды 2011-жылдан тартып башкарган Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу анын администарциясынын депутаттарга чоң таасир этиши менен эсте калды. Айрым эл өкүлдөрү кайсы бир мыйзамдар боюнча чечимдер жана талаптар түздөн-түз Атамбаевдин аппаратынан келип түшкөнүн айтып жүрүшөт.
Референдумдан кийин эмне болот?
Эгер жарандар парламенттик же президенттик башкаруу формасы үчүн добуш беришсе, анда өлкөдө конституциялык реформа өтүшү керек болот. Себеп дегенде бул бийлик бутактарынын жаңы функцияларын аныктап жазып алуу үчүн керек.
Эгер кыргызстандыктар «Баарына каршы» вариантына көп добуш беришсе анда эмне болот? Анда иш жүзүндө баары кандай болсо ошондой калышы керек, бирок Кыргызстанда эмне болуп кетерин эч ким билбейт.