Бишкекте парламенттик башкаруу формасын колдоо митинги өттү

Парламенттик башкаруу формасын колдоо митинги. Бишкек, 8-январь

Бишкекте 8-январда Жогорку Кеңештин алдында парламенттик башкаруу формасын жактагандардын митинги өттү.

Парламентаризмди колдоо үчүн уюштурулган акцияга 30га жакын адам катышты. Алардын ичинде депутат Дастан бекешев, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова жана юрист Нурбек Токтакунов бар.

Митинг учурунда Бекешев баркын кетирген алтынчы чакырылыштын депутаттарынын айынан парламентаризм үчүн күрөшүү кыйынчылык жаратканын белгиледи.

«Акка караганда кара күчтөр көп болгондо — күрөшүү татаал, өзгөчө парламентаризм үчүн. Айрымдар парламент өз баркын өзү кетирип жатса, парламентаризм үчүн күрөштүн кажети барбы деп ойлошот? Парламент жана парламентаризм эки бөлөк нерсе. Мен азыр көп колдоо жок экенин билем, бирок кийин ушул күндөрдү эстеп: “көрсө булардыкы туура болгон экен деп айтышат», — дейт депутат.

Парламетаризмди колдоо сөзүн юрист Нурбек Токтакунов дагы айтты. Ал өлкөдө бул башкаруу формасынын элементтери иштей баштаганын дагы белгиледи.

«Сооронбай Жээнбеков парламенттеги 100 орунду ээлеп алгысы келгенде парламентаризмдин элементтери иштеп баштаган. Өзүн-өзү билген саясий күчтөр президентти саясаттан сүрүп чыгарышты», — деп билдирди Токтакунов.

Башкаруу формасын тандоо боюнча референдум

Башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин орун алган саясий кризистин кесепети. Шайлоодон кийин нааразылык акцияларынын шартында абакта жаза мөөнөтүп өтөп жаткан Садыр Жапаров тарапташтарынын жардамы менен бошонуп чыгып, бийликке келген.

Жапаров бир нече жуманын ичинде тарапташтарынын жардамы менен премьер-министрдин жана президенттин м.а. болуп дайындалган. Андан соң кадрлык алмашууларды жүргүзүп, үзөңгүлөштөрүн бир катар жогорку кызматтарга дайындаган.

Ошондой эле, Жапаров Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнү демилгелегендердин бири. Бирок активисттер менен юристтер мындай референдумдарга каршы чыгышкан. Анткени референдум өткөрүүнү демилгелеген алтынчы чакырылыштын депутаттары легитимсиз дешет алар.

Сындарга карабастан депутаттар башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына, президенттик шайлоо менен бир күнгө дайындашкан. Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум, ошондой эле парламенттик шайлоо качан өтөрү азырынча белгисиз.