Өкмөт: Кытай карызын Жетим-Тоонун рудасын берип кутулуу маселеси каралган жок

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов өкмөттүн басма сөз жыйынында УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевдин жаңы бийлик Жетим-Тоо кенин Кытайга бериши мүмкүн деп айткандарына комментарий берди.

Буга чейин Сегизбаев инвестор Үрүмчүдө руданы кайра иштетүүчү завод куруп, «Максим качан карызды берет» деп күтүп жүргөнүн билдирген.

«Биринчи кезекте Жетим-Тоону “кыргыздын карызын төлөйбүз” деп ошол жакка өткөрүп бергени жатышат. Булар кыргыздын карызын эмес, Максим Бакиевдин карызын бергени жатат», — деп айткан ал.

Мамытканов бул сөздөрдү угуу ага «оор болгонун» айтты.«Бизди саткындар дешип, Жетим-Тоону сатышты деп жатышат, мындайды угуу оор болду. Эч качан элдин кызыкчылыгын сатпайбыз, саткын эмеспиз. Кенди сатуу оюбузга дагы келген жок», — деди ал.

Ал «теориялык» жактан кендин рудасын сатса болоорун, бирок өзүбүз «иштеткенибиз оң» деп билдирди.

«Алгач геологиялык чалгындоо өткөрүп, запасын эсептеп, аларды мамлекеттин карамагына коюш керек. Ошондон кийин гана биз ал жакта канча руда бар экенин жана аны өзүбүз иштете алабызбы-жогун биле алабыз. Аны ушундай бойдон эле теоретикалык жактан тышкы карызды жоюунун эсебине сатса болот, бирок бул рудадан кошумча нарк баасы жогору болгон жыйынтык алган жакшы, ошонун эсебинен анан тышкы карызга байланыштуу бардык маселелерибизди чечкен оң», — деди Мамытканов.

Мамыткановдун айтымында, кендин рудасын Кытайга мамкарызды кутулуу үчүн берүү — бул Садыр Жапаровдун «жеке пикири», ал эми өкмөткө «бир адамдын пикири таңууланган жок».Анткен менен Жапаров президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүп, президенттик башкаруу формасын, анын ичинде Конституцияны өзгөртүүнү сүрөмөлөп жатат. Жапаров колдоп жаткан Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президентке максималдуу ыйгарымдар берилип, ал өкмөттүн бардык түзүмү менен курамын аныктай алат. Мындайда өкмөт президентке көзкаранды болуп калат.

Жетим-Тоо жана Кытай

Максим Бакиев, Кыргызстандын экинчи бозгун президентинин уулу.

Жетим-Тоо кени Нарын облусунда, Кытай менен чектешкен жерден орун алган. Анда темирдин ири запасы жана алтын бар.Мамыткановдун айтымында, Кыргызстандын кенди чалгындоо боюнчан өз пландары бар.

«Биз Жетим-Тоону өзүбүз иштетүүнү көздөйбүз жана андай кендерге жаңыча мамиле кылабыз. Жер кендерин аукциондордон арзыбаган тыйынга сатышкандагы бизге чейинкилердин каталарын билебиз», — деди ал Максим Бакиевдин жер кенди сатып салганын айткысы келип. Кен 2009-жылы сатылып кеткенин өткөндө Абдил Сегизбаев айтып чыккан.

«Жетим-Тоону булар 2009-жылы сатып жиберишкен. “Арт Майнинг” компаниясына өткөрүп берген экен, ал эми анын ээси — Максим Бакиевдин жардамчысы жана катчысы болгон. Кийин 20 млн долларга Кытай инвесторуна сатып жиберген экен», — деп айтып берген ал.

Расмий маалымат боюнча, кен иштетүү лицензиясы чындыгында эле 2009-жылдын 14-декабрында жогоруда аты аталган фирмага берилген. Анын негиздөөчүсү катары Ульяна Пак менен Денис Гладышев көрсөтүлгөн. Пакты Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы дешет. Кийинчерээк фирманын 80% акциясын Кытайдын Фу Пэну аттуу жаранына таандык Mylin Resource компаниясы сатып алган.

2010-жылдагы революциядан кийин Убактылуу өкмөт лицензияны жокко чыгарганы белгилүү. Инвестор сотко берип, лицензиясын кайтарып алган, кийинчерээк дагы бир нече сот болгон.

Садыр Жапаровдун бул жерде кандай тиешеси бар?

Садыр Жапаров 14-ноябрда Кытайга болгон тышкы карыздан кутулуу үчүн Жетим-Тоонун өзүн эмес, андан казылып алынган чийки затты Кытайга берсек болот деп айткан болчу. 2009-жылы, Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп турган, ошондуктан каршылаштары аны Бакиевдердин кланы, көбүнесе Максим Бакиев менен байланыштырышууда.

Максим Бакиев үчүн акчалардын изин дагы Садыр Жапаров жашырып берип турган деген маалыматты дагы Абдил Сегизбаев айткан.