Сүрөт: Баткенде көчмө урна аркылуу добуш берүү башталды

Баткен облусунда ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган шайлоочулар көчмө урна аркылуу добуш берүүдө. Маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо үчүн референдумда добушту үйүнөн берүү үчүн 883 шайлоочу кайрылган.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, Баткен облусу боюнча 217 шайлоо участкасы даярдалган. Аймакта жалпысынан 297 264 шайлоочу катталган. Ал эми шайлоо күнү коомдук коопсуздукту камсыз кылууга облус боюнча 880 милиция кызматкерлери 545 адамдан турган элдик кошуундар тартылды.