Материал 10-январда саат кечки 22:30да жаңыртылды
Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоочу референдумдун электрондук урналардан алынган жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык:
- Садыр Жапаров — 79,22%
- Адахан Мадумаров — 6,70%
- Бабыржан Төлбаев — 2,35%
- Мыктыбек Арстанбек — 1,68%
- Абдил Сегизбаев — 1,46%
- Имамидин Ташов — 1,19%
- Клара Сооронкулова — 0,99%
- Аймен Касенов — 0,91%
- Улукбек Кочкоров — 0,67%
- Канатбек Исаев — 0,58%
- Элдар Абакиров — 0,54%
- Бактыбек Калмаматов — 0,50%
- Курсан Асанов — 0,50%
- Равшан Жээнбеков — 0,19%
- Каныбек Иманалиев — 0,18%
- Жеңишбек Байгуттиев — 0,09%
- Арстанбек Абдылдаев — 0,08%
- Баарына каршы — 1,34%
Ал эми референдумда шайлоочулардын 81,07%ы президенттик башкаруу формасын тандады. Шайлоочулардын дагы 10,87 пайызы парламенттик башкарууга, ал эми калган 4,4 пайыз шайлоочу «баарына каршы» добуш берди.
Кыргызстанда 10-январда болуп өткөн президенттик шайлоодо 3 563 574 шайлоочунун 1 394 246добуш беришти. Бул шайлоочулардын 39 пайызы.