Колонканын автору — Бектур Искендер, «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири

Экинчи турдун болушуна канчалык ишеним артсам дагы, ал четке кагылды окшойт. Кыргыз элинин негизги эркиндиктери менен укуктарына коркунуч туудурган адам — Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болгону калды көрүнөт.

Эмне дейбиз, мындайды Кыргызстан башынан өткөргөн

Топтолгон тажрыйбамдын бардыгын эске алуу менен мен иш-аракет планын түздүм. Эгер ар бириңер бул пландын жок дегенде бир пунктун аткарса, өлкөбүз, балким, акыр аягында учурда кулап бараткан тоталитардык аңдан чыгып кетиши мүмкүн.

Эгерде сиз бүгүн Садыр Жапаровду колдоп, ага добуш берген болсоңуз кубанычтын кумарына батып кетпеңиз — мамлекеттик башкаруудагы Жапаров тандаган жол менен кете турган болсок, аз күндө сиз деле тандооңузга кейип, анын жогорку тепкичтен орун алганына бармак тиштеп каласыз. Андыктан ушул текстти акырына чейин окуп чыксаңыз деле ашык болбойт.

Бирок, биринчи кезекте, бул бүгүн башка талапкерлер үчүн добуш берген Кыргызстандын тургундары үчүн жол картасы. Демек, эмне кылышыбыз керек?

  1. Билимге басым жасоо

Кыргызстандын кемчиликтеринин бири — компетентсиздик. Кайрадан эле, мунун баардыгы криминал менен коштолгон авторитардык режимге пайдалуу — аларга баардык структураларда караңгы, эрксиз адамдар керек, себеби алар менен ымалага келүү оңой.

Ошол эле учурда билим берүү системасы таптакыр эле өзүн дискредитация кылып койду. Көптөгөн тармактарда диплом кандайдыр бир мааниге ээ болбой калды, себеп дегенде баары бир деле университеттерге эч ким ишенбейт.

Эгерде сиз кандайдыр бир баалуу билимдин ээси болсоңуз, бөлүшүңүз, аны жарыялабай деле, чакан чөйрөдө, кең чөйрөдө жайылтсаңыз болот — каалагандай таркатыңыз! Ал билим кайсыл багытта экени деле маанилүү эмес — маанилүүсү өлкөнүн жаштарын, өзгөчө эргүү ала турган себептер жокко эсе болгон жакыр аймактардын жаштарын шыктандыруу керек.

Сөзсүз эле гуманитардык билимдин ээси болуу кажет эмес. Сөзсүз эле сизде чет мамлекеттик ЖОЖдордун диплому болушу керек эмес. Сиз жакшы өздөштүргөн, турмушта керектүү болгон нерсени үйрөтө аласыз.

Сиз мыкты сантехниксизби? Анда Ысык-Көл облусунан бир топ адамдарды чогултуп, аларга туристтик аймакта сонун жана жайлуу коомдук дааратканаларды жасоого үйрөтүңүз.

Өсүмдүктөр тууралуу терең билимиңиз барбы? Ошко барып адамдарды топтоп, кичирайондорду тигинен жашылдандыруу ыкмасы менен көрктөндүрүүгө үйрөтүңүз.

Сиз мыкты дизайн жасайсызбы? Баткен облусунан бир топ адамдарды чогултуп, аларга кургатылган мөмө-жемиштерди мыкты таңгактоону үйрөтүңүз.

Батириңизде ашыкча бөлмө барбы? Анда үйүңүзгө алыскы айылдардан бир-эки мектеп окуучусун жайгаштырып, алардын жакшы бир жеке мектепте окуусун төлөп бериңиз (кыргыздын ички FLEX программасына окшоштуруп дегендей).

Ушунчалык көп нерсени кылса болот. Биз үчүн эң башкысы — өз чөйрөбүздүн тышына чыгып, колубуз жеткен жерге билимдин үрөнүн себүү. Балким аны аз акчага, кээ бир жерде акысыз деле кылууга туура келиши ыктымал. Бирок эгер Кыргызстан ийгиликтүү, билимдүү, максат көздөгөн, ошол эле кезде кайраттуу адамдардын өлкөсүнө айланса бул салымдын акыбети миллион эселеп кайтат.

Кыргызстанда билимдүү, маңдай тери жана ак эмгеги менен жакшы киреше тапкан адамдар канчалык көп болсо, биз үчүн ошончолук жакшы.

  1. Кыргыз эмиграциясын жана кыргыздын чет өлкөлүк лоббисин күчөтүү

Эгерде жогорку айлык маяналуу жумуш үчүн өнүккөн өлкөгө барууга мүмкүнчүлүк болсо эч убакта колдон чыгарбаңыз. Бул акылга сыйбагандай угулушу мүмкүн — адатта баары Кыргызстанда калууга үндөшөт. Бирок заманбап жашоодо бул анчалык деле маанилүү эмес.

Тескерисинче бизге мекени менен байланышын үзбөгөн чет өлкөдөгү таасирдүү кыргыз коомчулугу керек.

Эгерде Кыргызстанда авторитардык-каракчылык режим орносо, (баардыгы ошого баратат), анда чет өлкөдө ийгиликке жана байлыкка жетишүү жеңилирээк жана коопсуз болуп саналат. Ал жактан тапкан каражатты мекениңизге жөнөтүп турсаңыз, бизге чоң жардам болот.

Кыргызстанда эң мыкты мектептер тармагын ошол эле америкалык, европалык же орусиялык филантропко караганда кыргызстандык мультимиллионер кураары анык. Ошол эле учурда ал мультимиллионер кайда турары такыр маанилүү эмес, ал тургай Уругвайда жашасын. Бактыга жараша, азыр акчаны онлайн которсо болот, ал эле эмес онлайн окутса да болот — биз муну 2020-жылы башыбыздан өткөрдүк.

Чет өлкөлүк кыргыз лоббиси номер үчүнчү пунктка да керек болот:

  1. Кримдүйнөнү акчасынан куру-жалак калтыруу

Саясий процесстерге кылмыш дүйнөсүнүн эбегейсиз таасири болбосо, Кыргызстанда азыркыдай саясий кризис, авторитардык режим коркунучу болмок эмес. Демек биз УКТга каршы күрөшүү үчүн биригишибиз керек. Келгиле аларды акчасынан куру-жалак калтырабыз.

Биз криминалды күч кетирбейбиз, андай жолду тандоонун деле кереги жок. Өкүнүчтүүсү, биз укук коргоо органдарына үмүт арта албайбыз, себеби алардын өздөрүнүн кыймыл-аракеттери кылмыш топторунукундай. Бирок биз аларды мээбиз менен, уюшкандыктын жана байланыштарыбыздын жардамы менен жеңе алабыз.

АКШнын Райымбек Матраимов менен Уулкан Тургуновага карата киргизген санкциясы эң жакшы мисал. Ушундай көрүнүштөр көп болууга тийиш.

Эгерде лоббисттер, таасирдүү уюмдар же АКШнын, Европанын, Жакынкы Чыгыштын саясатчы, чиновниктери менен жакындыгыңыз болсо, сураныч колдон келишинче колдонуп калыңыз. Бардык деңгээлде өлкөдөгү болуп жаткан окуялар тууралуу айтып бериңиз. Аларга биздин иликтөөлөрдүн шилтемесин жөнөтүңүз (иликтөөлөрдүн англис тилиндеги варианты дагы бар).

Аларга Кыргызстандагы коррупция алардын дагы көйгөйү экенин сөзсүз айтып берип туруш керек, себеби Хабибулла Абдукадыр барып-барып эле акчасын Германияда жана АКШда коротууда. Матраимовдор Бирикке Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк алып, ал эми Максим Бакиев Улуу Британияда жомоктогудай жашап жатат. Аларды бул ыплас акчалардын агымын өлкөлөрүнө киргизбөөгө үндөгүлө.

Кыргызстандык коррупцияга малынган ар бир кызматкер же кылмыш тобунун мүчөсү болушунча көп мамлекеттерде персона нон-грата болушуна аракет жасаңыз.

Криминал менен кызматташуу пайдасыз, криминалдык бизнес жүргүзүү мүмкүн болушунча пайда алып келгис жана тобокелдүү болуп калышы үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек.

  1. Бирге болушубуз керек

Пикирлештерди — өлкөдөгү болуп жаткан көрүнүштөрдү сын көз менен кароого даяр болгон башка адамдарды табуу керек. Алар адам укуктарынын сакталышына кайдыгер карабаган адамар болууга тийиш. Алар эркин, көз карандысыз, гүлдөгөн Кыргызстанды көрүүнү каалаган адамдар болушу зарыл.

Бизге жакынкы жылдары психологиялык жактан оор болот, өзгөчө жакындарыбыз бийликке багытталган критикалык көз караштары үчүн куугунтуктоого кабылышы мүмкүн. Балким биздин тааныштарыбыздын аркасынан Камчыбек Ташиевдин чекисттери аңдышы ыктымал. Же биз тааныгандар чет өлкөгө качууга мажбур болушу мүмкүн. Же жогоруда айтылгандардын бирине өзүбүз дуушар болушубуз да толук ыктымал.

Анткен менен жарандык коом канчалык ынтымактуу болсо, ошончолук күчтүү жана эффективдүү болот.

Келгиле таанышабыз, достошобуз, кийинки шайлоого даярданып, бири-бирибизге жардамдашалы. Психологиялык жардам да керек болот — балким айрым учурларда жөн гана сырдашуу гана жетиштүү болот, ошондой эле олуттуу да жардам керектелет — анда укуктарыбызды бирге коргоого туура келиши мүмкүн.

Коргой турган нерселерибиз көп — эми Конституциябызды өзгөртүшөт, парламенттик шайлоодо удургутуп, жарандык коомго каршы ажыдаардын ыкмаларын колдонушат. Мындай мыйзамсыздык менен күрөшүү үчүн күч керек болот.

Жалгыздап күрөшүү дээрлик мүмкүн эмес.

Бирге күрөшүү натыйжалуу жана анчейин коркунучтуу болбойт.