10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттин башкаруу фомасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Жалпы 17 талапкер өлкө башчылыгына ат салышууда, бирок Садыр Жапаров башка талапкерлерге караганда эң көп каражат сарптаган — 57 млн сом.

31-декабрга карата бардык талапкерлер 114 миллион сомдон ашуун каражат топтогон.

Жалпы сумманын жарымынан көбү Садыр Жапаровго таандык — анын шайлоо фондуна 62 млн сом чогулган. Анын ичинен 57 млн сому сарпталган. Бул башка бардык талапкерлердин жалпы чыгымынан дагы ашып өтөт.

Жапаровдон кийин — Бабыржан Төлбаев турат: ал 14 млн сом топтоп, 10 млн сомду сарптап үлгүргөн.