Саат 16:00гө карата президенттик шайлоого келип, добуш бергендер 26,6%ды түздү. Салыштыруу үчүн 2020-жылдын 4-октябрында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо бул убакытта шайлоочулардын 37%ы добуш берген болчу.

Биз Кыргызстанда болуп өткөн бардык президенттик шайлоолордун жыйынтыгын талдап, шайлоочулардын келиши жылдан жылга азайып жатканын аныктадык. Эгемен Кыргызстандын тарыхында шайлоого катышкандардын эң көп болгон учуру 1991-жылы катталган. Анда 89% шайлоочулар добуш берип, 95% добуш алган Акаев утуп чыккан.

2011-жылга чейин шайлоону өттү деп таануу үчүн добуш берүүчүлөрдүн 50% катышуусу талап кылынып келген. Бирок 2011-жылы жаңы конституциялык мыйзам кабыл алынып, бул норма жокко чыгарылган. Эми Кыргызстандын президентин шайлоо үчүн минималдуу босого пайызы талап кылынбайт.

Ошол эле убакта, референдумга келип, добуш бергендердин саны жөнүндө норма бар. Эгерде шайлоочулардын саны 30%дан ашса анда референдум өттү деп саналат. 2016-жылга чейин 50%дан ашуун шайлоочулардын келүүсү талап кылынчу.

Жыйынтыгында, 2011-жылдан баштап шайлоого катышкан жарандардын саны азайганын байкоого болот. Ал эми жеңишке жетишкен талапкер үчүн аз эле адам добуш берген.

Рекорддук аз катышуу 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо болгон, анда жалпы шайлоочулардын жарымынан көбү гана келген.

Шайлоого катышкандардын азайышы 6,5 миллиондук Кыргызстандын тагдырын барган сайын аз адамдар аныктай башташына алып келиши мүмкүн. Колдонуудагы мыйзамга ылайык, жада калса шайлоого бир эле адам келсе дагы президенттик шайлоо өттү деп таанылат.

Редактору: Азиза Раимбердиева.