Жапаров Аспековдун иши боюнча үн катты

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоодо добуш берип чыккандан кийин журналисттерге Мелис Аспековдун «Кыргыз темир жолунан» 250 миң доллар опузалаганына байланыштуу иш боюнча кармалганына комментарий берди.

Журналисттерге курган маегинде Жапаров Аспеков кармалганын 9-январда укканын айтты.

«Ким болбосун — тууганымбы же таанышымбы — бардыгы жооп бериши керек [кылган иштери үчүн]. Президенттен баштап дыйканга чейин, мыйзам алдында барыбыз бирдейбиз» — деген Жапаров.

Мелис Аспеков менен Улан Жураев кармалганы тууралуу 9-январда ЖМКлар жеке булактарына таянып жазып чыгышкан. Аспеков менен Жураев «Кыргыз темир жолу» ишканысынын жетекчисинен 250 миң доллар опузалап алышканы айтылууда.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын ноябрь айында Жураев ичинде ашканасы, уктоочу жана жуунуучу бөлмөсү бар вагондо тартылган видео жарыялаган. «Бул эмне болгон поезд? деген суроого Жураев — «достордун белеги» деп жооп берген. Бул анын тамаша-чыны экени белгисиз.