Казакстандын президенти Жапаровду алдын ала жыйынтык боюнча жеңиши менен куттуктады

Казакстан президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Касым-Жомарт Токаев телефондук сүйлөшүүдө Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Анткен менен Боршайком шайлоонун алдын ала жыйынтыгын гана жарыялаган, расмий жыйынтык чыга элек.

Токаев «добуш берүүнүн жыйынтыгы ал [Жапаров] сунуштаган программа бүткүл элдик колдоого алынган айгинелерин» белгиледи.

Ал Казакстан мындан ары дагы «боордош Кыргызстан менен ынтымак, достук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайдагы» кызматташуусун уланта берерин кошумчалады.

Токаев Садыр Жапаровду Казакстанга расмий иш сапары менен келүүгө дагы чакырды. Жапаров макулдугун билдирүү менен катар, президент катары алгачкы иш сапары коңшу Казакстанга болорун кошумчалады.

10-январда өткөн Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин орун алган саясий кризистин натыйжасы.

Андан кийин Кыргызстанда бийлик алмашкан, ал эми жакында эле тарапташтарынын колдоосу менен колониядан бошогон Садыр Жапаров президенттин м.а. кызматын ээлеген.

Ошондой эле Жапаров башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду да демилгелеген. БШКнын маалыматы боюнча, 10-январда өткөн президенттик шайлоодо Жапаров шайлоочулардын 84% добушуна ээ болгон, ал эми референдумга шайлоочулардын 38,88%ы катышып, алардын 85,43%ы президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берген.