Кезексиз президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыккандан кийин Садыр Жапаров жаңы фаворит жана жеңүүчү катары Орусиянын «Коммерсант» басылмасына алгачкы ири маегин курду. «Клооп» Жапаровдун басылмага айткандарын кыскача баяндап берет.

2020-жылдын октябрь окуяларанын сыры

Буга биз көп убакыт сарптадык. Ага төрт айда жеткен жокпуз, он жылда жеттик — 2010 жылдан бери иш жүрдү.

Мен, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов. Бизди 2012-жылы Кумтөр үчүн камап салышкан. 2017-жылы мени экинчи жолу камашты, биринчиден, президенттик шайлоого катышпасын, экинчиден, Кумтөр темасын көтөрүп чыкпасын деген максатта. Бирок абакта жөн жаткан жокмун, соцтармактар аркылуу эл менен иштеп жаттым.

Мыйзам боюнча болбойт, бирок биз жолун таптык. Үч жарым жыл карапайым эл менен түз байланыштым. «Одноклассники», Facebook, Instagramда тайпаларды ачтым. WhatsAppта адамдардын контакттарын чогултуп, ал жерде 50дөн ашык тайпа ачтым — бир тайпа 256 адамды батыра алат. Бул тайпалар аркылуу Кумтөр, өз ишим тууралуу маалыматтарды жайылттым. Ошентип үч жарым жылда бүткүл элге жете алдым.

Түрмөдө сен 24 саат эркинсиң: бош убактың көп. Мына ушундай жол менен түрмөдө жатып революция жасадым. [Түрмө] баарын үйрөттү. Абактан чыккандан кийин, эл мени премьер-министрлик кызматка дайындагандан кийин, ойлодум, кудай мени атайылап абакка салган тура, ал жакта кимдер жатканын, алардын мыйзамдарын көрсүн деп.

Ал жакта 90-95%ы карапайым жарандар. Бир дагы аткаминер, аткаминердин баласы же туугандары жок. 5-10% гана өмүрүн кылмыш дүйнөсүнө арнап койгондор. Ал эми 90%ы — телефон, тоок урдаган жөнөкөй адамдар.

Журналисттер мен жөнүндө кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар, мени бандит, мени бийликке кылмышкерлер алып келди деп жазышкан. Камчыбек Көлбаев менен байланыштырышкан. Мен абакта отурган 3,5 жылдын ичинде жөнөкөй жарандарга гана жардам берип келгем, кылмышкерлерге жардам берген эмесмин.

Мага кайрылган 100дөн ашык адам мен абакта жатканда бошонуп чыкты. Алар мага иштеп башташты, мен тууралуу маалымат таратып, жакшы адам экенимди жайылтышты. Мен чыккан кезде баары митингге келип, колдоп беришти. Үчүнчү революциянын болгон сыры мына ушул.

Жээнбековдун отставкасы

Оор болду, бирок көндүрдүм. Эл анын кетишин талап кылды. Биринчи беш-алты күндө ал муну сезген жок, 10 күндөн кийин бүткүл эл отставкага кетишин каалап жатканын билди. Анткени Жээнбеков парламенттик шайлоону көзөмөлгө ала албай койду.Ал жерде анын жакындары парламентке үч партия өтүшү керектигин чечип койгон. Инисин партиялык тизмеге кошту. Эл бул бийликтин гана колунан келгенин билип турду. Ошондуктан президенттин отставкасын талап кылды.

Курманбек Бакиев

Коррупциянын алдын алуу улуттук агенттиги — байкасаңар, алдын алуу боюнча, күрөшүү боюнча эмес — болгону мониторинг ишин аткарган. Ыкчам кызматкерлери дагы, тергөө органдары дагы жок болчу.

Отуруп алып мониторинг кылып, «коррупция кылбагыла» деп эскертүү каттарын жөнөтөсүң. Ал тургай өкмөттүн курамына дагы кирчү эмес. Мен өкмөткө мүчө эмес болчумун. Бизде, негизинен Кыргызстанда аткаминерлер, чоңдор дайыма кимдир бирөө аркылуу же түздөн-түз мамкызмат сурашат — кызматты сатып алышат, орношуш үчүн туугандарын ортого салышат. Мен андай кылган эмесмин. Бакиев мени өзү чакырган. Мен анын буйруктарын аткарган эмесмин, мыйзам чегинде гана иштегем.

Эми Бакиев тууралуу. Алгачкы эки жылдыкта абдан жакшы иштеди. Акаев кеткенден кийин бюджетибиз 25 млрд сомго барабар эле. Бакиев 2007-жылга карата аны үч эсе көбөйткөн. Андан соң бийлик жүгөнүн бошоңдотконсуп, бийликти баласына өткөрүп берип койду.

Иниси — Жаныш Бакиев — процесстерди башкара баштады. Ошентип 2010-жылы экинчи революция болуп, Бакиев куулду. Ошондуктан мен дайыма мурдагы бийликтин катасын кайталабайм деп айтып келем. [...] Бул жалган жана сандырактык. Эл Бакиевдер менен байланышым жок экенин түшүнүп турат. 2017-жылы мен өлкөгө кайтып келгенде дароо камакка алышты, анда дагы Бакиевдерге жолугуп келип, төңкөрүш жасаганы келди деп айыпташкан. Кудай көрүп турат — 2010-жылдан бери мен Бакиевдерден 1 тыйын дагы алган жокмун. Кудай алдында ант бердим! Анан адамдар мага ишенди: түрмөдөн чыгарышты.

Наркотрафик

Мурдагы бийлик, алардын туугандары наркотрафикти калкалашкан. Мен, ишке киришерим менен наркотрафикти жабуу буйругун бердим. Бул биринчи кезекте. Экинчи кезекте коррупцияны жоюш керек. Үчүнчү максат — экономиканы көтөрүү.

Наркотрафик менен аёосуз күрөшөбүз. Каналдарды жабыш үчүн бизге эки-үч жыл керектелет [...] Алар менен эч ким сүйлөшүп, соодалашпайт. Буга чейин бийлик өзү калкалап келген. Укук коргоо органдары өздөрү баңгизат ташуу менен алектенишкен.Кимдир бирөөсү баңгизат менен кармалып калганда алардан акча алып, коё берип салышчу. Мындан ары эми андай болбойт. Орусия наркотрафик менен күрөшүүгө бизге акча бөлүп берип койду. Эки пилотсуз учкуч, 150 млн сом бөлдү. Наркотрафик менен күрөшүүгө каалообуз күч.

Трайбализм

Адатта саясатчылардын ишине эл нааразы боло баштаганда Түндүк-Түштүк маселесин козутуп киришет. Түндүктөн болсо — түштүктүн элин, түштүктөн болсо — түндүктү күнөөлөйт.

Бешинчи октябрдан кийин Жээнбековдун тарапташтары дагы ал түштүктөн болгондуктан кетиришти деп айта башташты. Аны бүтүн эл кабыл албады. Эмнеге мен бул жикти жеңип чыгам деп айтып жатам? Себеби мен биздин элди түштүк, түндүк, орус, кыргыз, өзбекке бөлбөйм. Мен үчүн бардык кыргызстандыктар бирдей. Муну түштүктөгүлөр да, түндүктөгүлөр да билет. Мен саясатта өткөргөн 15 жылдын ичинде эч кимди бөлгөн эмесмин. Менин түштүктүк досторум, түндүктүктөгүлөргө караганда көп.

Жаштардын колдоосу

Негизинен мени жаштар менен жөнөкөй жарандар колдоп жатат. Алар 70-80%ы түзөт. Келечек жаштарда, мен аларга кызмат кылгым келет. Программамда чет өлкөгө кеткен жаштарды кайтарып келүү боюнча пункт бар. Көбүнчө алар Орусия, Казакстан, Европа, Америка, Түркия жана Түштүк Кореяда. Алардын бардыгын кайтарыш керек.

Кандай мамлекет болбосун анын байлыгы — адам ресурсу, атуулдары. Ал эми бизде 2 млнго жакыны — көпчүлүгү жаштар — чет жактарда жүрөт. Алар акыркы 30 жыл аралыгында өлкөдөн чыгып кетти. Бизде атайын план бар. Мен эми эртең эле алып келе калабыз деп айта албайм. Бир-эки жыл керектелет. Биринчи жылы экономиканы көтөрүшүбүз керек. Экинчи жана үчүнчү жылы — алып келүүгө киришебиз. Алар үчүн жумуш орундарын түзүшүбүз керек.

Адамдар эмне себептен кетишет? Көп учурда акча чогултуп, үй-жай кылайын деп кетет. Демек, ипотека менен камсыздоо керек — ансыз болбойт — жана жумуш орундарын түзүү. Өлкөнү башкаруу адамдын өзүнөн көз каранды. Мен өзүмө ишенем.

Коррупция кылбайм, жол бербейм, туугандарым жана досторумдун мамлекеттик иштерге кийлигишүүсүнө жол бербейм.

*Анткен менен саясатчынын бир нече тууганы жана жакынкы достору кызматка ээ болду.

Андыктан мен ишенимдүү айта алам: жумуш орундарын түзөбүз, гидроэлектростанцияларды курабыз, пикирлештер менен ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу макулдашууларды жүргүзөбүз. Мурда биздин өлкө башчылары убадаларды берип, андан соң өздөрү коррупцияга батып кетчү, жыйынтыгында эч нерсе курулчу эмес. Мисалы, Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын катуу жарнамалап, үч станция курса болот дешкен. Андан соң аткаминерлер акчанын баарын уурдап алып, Орусияга 37 млн доллар карыз болуп отурабыз. Эч нерсе курулган жок. Башталган дагы жок. Мындай болбошу керек.

Мунун баары өлкөдөгү биринчи адамдардан — президенттен көз каранды. Эгер ал өзү коррупцияга аралашкан болсо, анын алдындагылар дагы сөзсүз бул иштерге аралашат.

Орусия

Бизди баардыгы өз тарабына тарткысы келет. Бирок биз моюн бербейбиз. 70 жыл биз СССРдин курамынды Орусия менен биргеликте жашадык. Советтер Союзу кулагандан кийин 30 жылда Орусия стратегиялык шериктешибиз жана өнөктүшүбүз болду. Ал ошол өнөктөш бойдон кала берет.

Эмне үчүн? Себеби ал бизге башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк жардам көрсөтөт. Калган мамлекеттер — Америка, Кытай менен — биз ыңгайлуу, бирдей шарттын негизинде кызматташтык түзөбүз.