«Техникалык консультация бердим». Бишкек ЖЭБдин башчысы Финполго кирип чыкты

Бишкек ЖЭБдин башчысы Андрей Воропаев Финполго техникалык консультация үчүн чакыртылганын кабарлады. Анын айтымында, маселе Бишкектин үстүндө калкыган кара түтүнгө байланыштуу болгон.

«ЖЭБдин чыпкалары кандай экенин айтып бердим. Кеп Бишкектин үстүндөгү смогго байланыштуу болууда. Техникалык маселелерди талкууладык», — деди ал журналисттерге Финполдон чыккандан кийин.

Воропаев смогдун пайда болушуна жылуулук берүү борбору күнөөлүү эместигин айтты.

«ЖЭБ иштеп жатканына 60 жылд болду. Ал эми смог качан пайда болду? 3-4 жыл мурда. Андыктан эгер жада калса логикалык жактан дагы ойлонуп көрсөк, ЖЭБдин күнөөсү жок. ЖЭБ дагы кайсы бир учурда таасир этти — ал башка мештердей эле түтүнсүз иштей албайт да», — деди Воропаев.

Мурдараак Финполдун басма сөз кызматы атайын кызмат Бишкек ЖЭБдин жооптуу кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш баштаганын маалымдаган болчу.

«Бул факт “коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп билдирген мекеменин басма сөз кызматы.

Текшерүү калаанын абасына зыяндуу заттар эмне себептен чыгып жатканын аныктоо үчүн башталган. Текшерүүнү демилгелегендердин бири премьер-министрдин м.а. Артём Новиков.

Бишкекте калкыган кара түтүн

Бишкекте жыл сайын кышында кара түтүн көйгөйү жаралат. Бишкекте экологиялык абал жыл сайын суук түшөөрү менен начарлап, шаарды коюу кара түтүн каптай баштайт. Аны менен бирге Бишкектин бийлиги жана өкмөт көптөн бери шаарда экологиялык абалды жакшыртууга багытталган чараларды көрбөй келген. Мурдараак мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев смог менен күрөшө албасын моюндап, бирок жарандарды өкмөткө кайрылууга үндөгөн. Анын пикиринде, өкмөт абалдан чыгуунун чараларын көрүшү керек.

Ал эми өкмөт 6-январда Бишкекте, Сокулук, Аламүдүн району жана Чүй облустарында экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын планын бекиткен.

Өкмөттүн планы 2021-2023-жылдарга ылайыкталган. Ага бир катар мамлекеттик мекемелер үч жылдын ичинде аткарышы керек болгон 40 пункт кирет.

Негизинен, экологиялык факторлордун таасиринен улам калкка ооруу жугуулардын талдоосун жүргүзүү жана абанын сапатын мониторинг кылган автоматтык станцияларды сатып алуу пландалууда.