Жапаров мөөнөтүнүн аягына чейин отурбайт — саясат таануучу Аркадий Дубнов

Саясатчы жана Бобордук Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов RTVI эл аралык телеканалына Жапаров мөөнөтүнүн аягына чейин президенттик тактыда эмне үчүн отурбай турганы тууралуу айтып берди.

«Кыргызстанда популизмдин энергиясы ашып-ташып жатат. Борбор Азиядагы мурдагы демократиянын аралчасы начарлады. Таң калычтуу нерсе, менимче мен катуу айтып жатам, бирок ал жакта бийликке охлократия келүүдө», — деп билдирди эксперт.

Дубнов Садыр Жапаров тарапташтары аны абактан бошотуп чыккандан кийин 10 күндөн соң өлкөнү жетектей баштаганын түшүндүрүп, бул «жакын арада кайталанбай турган дүйнөлүк рекорд» экенин белгиледи.«Миң адам добуш берди мен дагы добуш бердим, бардыгы бир жерге мен дагы ошол жакка. Бардыгы деген ким? Алар өзү түрмөдө отуруп тарбиялагандар, ал өзү “Коммерсантка” берген интервьюсунда мойнуна алды», – деп айтты ал.

Дубновдун пикиринде, бул маектен Жапаровдун популизми «кыргыз элине, өлкөгө, ал тургай коңшу өлкөлөргө дагы кымбатка турары» түшүнүктүү.

«Ал коррупцияны жеңем, баңгитрифигин жоём, түндүк менен түштүктүн ортосундагы ажырымды жок кылам, кыргыз эмгек мигранттарын өлкөгө кайтарам деп айтты. Азыр болбосо дагы эки жылдан кийин ал муну [балким] жасайт. Түндүк менен түштүктүн ортосундагы ыдыроону кантип жеңсе болмок эле? Алардын ортосунда кырка тоолор [чоң ажырым] бар, алар менталитет боюнча абдан айырмаланышат», — деп белгиледи саясат таануучу.

Контекст: Кезексиз президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыккандан кийин Садыр Жапаров жаңы фаворит жана жеңүүчү катары Орусиянын «Коммерсант» басылмасына алгачкы маегин курган.

Анда ал буга көп убакыт сарпталганын — 2010-жылдан бери иш жүргөнүн айтып берген. Жапаров 2017-жылы камалып, бирок ал «абакта жөн жатпаганын, соцтармактар аркылуу эл менен иштеген» билдирген.

«Мыйзам боюнча болбойт, бирок биз жолун таптык. Үч жарым жыл карапайым эл менен түз байланыштым. «Одноклассники», Facebook, Instagramда тайпаларды ачтым. WhatsAppта адамдардын контакттарын чогултуп, ал жерде 50дөн ашык тайпа ачтым — бир тайпа 256 адамды батыра алат. Бул тайпалар аркылуу “Кумтөр”, өз ишим тууралуу маалыматтарды жайылттым. Ошентип үч жарым жылда бүткүл элге жете алдым», — деп айтып берген ал.

Дубновдун ою боюнча, бул убадалардын абдан кооптуу оюну, ошол себептен Садыр Жапаров мөөнөтүнүн аягына чейин отурбайт. Анын айтымында кыргыздар – абдан активдүү жана кыймылдуу келет, эгерде бийлик аларга жакпай калса, «Бишкекке жүрүш жасап барып, бийликти алып тынышат».

Ал ошондой эле, Москва Жапаровду колдогонго чейин Кыргызстанга Орусиянын президентинин администрациясынын башчысынын орун басары Дмитрий Козак келгенин эске салды. Ал ошондогу президент Сооронбай Жээнбековду бийликти сактап калууга көндүрүүгө аракет кылып, бирок Жээнбеков бийликти колдон чыгарганына аргасыз макул болгон.

«Жээнбековдун президенттиктен биротоло качып кете тургудай болочок президент кимге, эмне үчүн, эмнени айтты болду экен? Эч ким билбейт. Бүгүн Кыргызстанда мына ушундай процедуралар иштеп жатат», — деди Аркадий Дубнов.

Анын айтымында, Вашингтондогу окуялар менен Бишкектеги окуяларды салыштырууга болбойт, анткени Вашингтондо «кеч болсо дагы демократиялык процедуралар жана сот акыйкаттыгы иштеп кетти».

Контекст: АКШнын Сенаты жана Конгресс өкүлдөрүнүн палатасы 6-январда бирдиктүү жыйынга чогулуп, президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитиши керек эле. Шайлоо өзү 3-ноябрда эле өткөн, ал жакта эки талапкер катышкан — демократ Жозеф Байден менен учурдагы республикачыл президент Дональд Трамп.

Ошол эле учурда Вашингтондо учурдагы АКШнын президенти Дональд Трамптын миңдеген тарапташтарынын «Американы сактап калуу жүрүшү» өтүп жатты. Кийин митингдин катышуучулары полициянын курчоосун жиреп өтүп, Капитолийдин имаратына кирип барышкан. Ал жактагы жыйын токтотулуп, конгресстин мүчөлөрү эвакуацияланган.

Трамптын тарапташтары Капитолийди чабуулга алууда төрт адам каза тапкан. Үч адам кагылышууда Капитолийдин жанынан, дагы бир аял киши Капитолийдин ичинен күзөт кызматы тарабынан өлтүрүлгөн. Полиция 50дөн ашуун адамды кармап, 14 полиция кызматкери жаракат алган.

«Бишкекте процедуралар да, сот адилеттүүлүгү да иштебейт. Ушул демократиялык процедураларды камсыздаган институттар мурда эле шыпырылып жок болгон, ал эми жаңылары азырынча жок. Жапаров президент менен премьер-министрдин милдеттерин айкалыштыргычы келип жатат. Күч түзүмдөрүн кол алдына алууда — ал баарына жооп берет. Бул кооптуу иш», — деп белгиледи саясат таануучу.

RTVI телеканалынын алып баруучусу Дубновдон Жапаровду Трамп менен популист саясатчы катары салыштуруу канчалык негиздүү экенин сурады. Дубнов «бул сандырак жана таптакыр эле үстүртөн салыштыруу» деп жооп берди.«Вашингтондо толкундоолор болгон түнү фейсбук барагымда тамаша иретинде, тышкы көрүнүш Бишкекти эске салат, бирок бул тыштан караганда гана экенин жазгам», — деп белгиледи саясат таануучу.

Ошондой эле, Дубнов добуштарды алдын ала эсептөө кандай өткөнү боюнча да пикирин билдирди. Анда БШК электрондук урналардан алгачкы маалыматтарды жарыялай баштаган.

Анын айтымында, добуштардын 72%ы эсептелгенде, алардын ичинен 52%ы Садыр Жапаров үчүн болчу. Бардык добуштардын 78%ы эсептелгенде, дээрлик 80%ы Жапаров үчүн болуп калган.

«Добуштарды эсептөө кандай болуп жатат? Ошол 80% эмнеден тураарын түшүнөт болушуңар керек. [...] Болгону 6% иштетилип чыккан бюллетень күтүүсүз эле жерден Жапаровго дээрлик 30%дык өсүүнү камсыздады. Электоралдык арифметика мындайды билбейт. Бул добуштар кантип жасалганын эч ким билбейт», — деди Дубнов.

Президенттик шайлоо

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда башкаруу формасын тандоо боюнча референдум менен бир күндө өттү. Эл парламенттик же президенттик башкаруу формасы үчүн же эки вариантка тең каршы добуштарын бериши керек болчу.

12-январдын таңга маалына карата кол санактын негизинде кезексиз президенттик шайлоонун жана башкаруу системаны тандоо боюнча референдумдун шайлоочулардын добушунун 96% саналган.

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча талапкер Садыр Жапаров 81,56% добушка ээ болгон, ал эми автоматташтырылган электрондук урналардын маалыматы боюнча ал 79,16% добуш алган. Жапаровду 1 млндон ашык жаран колдогон.

Ошондой эле президенттик башкаруу системасын колодгондордун саны дагы өскөн, кол санактын жыйынтыгы боюнча, шайлоочулардын 83,29%ы добуш берген. Ал эми АСУнун жыйынтыгы боюнча, референдумга катышкандардын 80,93%ы добушун жогоруда аталган форма үчүн беришкен.

Ошол эле убакта кол санактын жыйынтыгы боюнча шайлоого келгендердин саны кескин азайган. Президенттик шайлоодо 39,27%дын ордуна 34,71%ды, референдумда — 39,43%дын ордуна 33,86%ды түзгөн.

Шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийинки басма сөз жыйында Жапаров «80%дан ашуун добушка ээ болорун күтпөгөнүн» билдирген.

«Урматтуу кыргызстандыктар, добушуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем», — деген Жапаров, болгону 50-60% добуш алам деп күткөнүн кошумчалаган.

Ал атаандаштарын биригүүгө дагы чакырган, себеби «азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек».