Матраимовдор vs ЖМК: Уулкан Тургунова фамилиясын өзгөрткөндүктөн сот кийинкиге калды

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 2021-жылдын 15-январында Матраимовдордун «Клооп», «Азаттык» жана журналист Али Токтакуновго каршы койгон доосу боюнча иши каралмак. Бирок сот отуруму кайрадан 2021-жылдын 3-февралына жылдырылды. Буга Уулкан Тургунова фамилиясын Сулайманова деп өзгөрткөнү себеп болду.

Отурум судья Али Токтакуновдун өздүгүн тактоо үчүн документтерин талап кылгандан башталды. Андан соң ЖМКлардын жактоочулары фото-видео съемка үчүн уруксат сурашты, бирок Матраимовдордун адвокаттары буга каршы чыкты. Жыйынтыгында, буга чейинки отурумдардагыдай эле съемкага тыюу салды.

«Клооптун» адвокаты Фатима Якупбаева соттон Райымбек Матраимовго карата иликтөөнү изилдөөнү суранды.

«Райымбек Матраимовго кылмыш жасоо шеги тагылганын жана ал кызматташуу тууралуу келишимге кол койгонун эске алып, сот муну изилдеши керек деп эсептейбиз. Матраимов коррупцияга байланыштуу кылмышка шектелип жатканын эске алышы керек», — деп билдирди ал.

Бирок, Матраимовдордун адвокаттары буга нааразылыгын билдиришти.

«Бул толугу менен мыйзамсыз өтүнүч. Жоопкердин өкүлү алар бул документтерди алууга аракет кылганы боюнча далилдерди көрсөткөн жок. Тергөө аяктамайын бул келишимдерди эч ким ала албайт», — деп билдирди Матраимовдор фондунун кызыкчылыктарын коргогон Мадина Ниязова.

Бул суроо ачык бойдон калды, анткени сот доогердин ишеним катында так эместиктер бар экенин аныктады. Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова фамилиясын Сулаймановага алмаштырган, ал эми адвокат Татьяна Карыжинская бул тууралуу күбөлүктү унутуп койгон. Судья адвокаттар Матраимовдун аялы фамилиясын алмаштырганы тууралуу сотко башында эле билдириши керек болчу деп, отурумду 3-февралга жылдырды.

Матраимовдор качып кеткиси келеби?

Карыжинская «Клооптун» журналисттерине кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты.

Журналист Али Токтакунов сот жоопкерлердин далилдери менен фактыларын тоотпой, Тургунованын фамилиясын өзгөрткөнүн формалдык себеп катары колдонду деп эсептейт.

«Матраимовдор жашынып же качып кетүүгө көп иш кылышты. Жакында эле Матраимов фамилиясын алмаштырганын түшүндүк, эми аялы дагы алмаштырды. Алар мындай жол менен жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө аракет жасап жатышат деп ойлойм, бирок коомчулук баарын билип калды. Бул амал ишке ашат деп ойлобойм», — деп билдирди Токтакунов.

Журналисттин айтымында, дагы бир коркунуч бар — судья Сулайманованын наамына эч кандай мүлк катталган эмес экенин айтып, чечим доогер тараптын пайдасына чечилип калышы мүмкүн.

Токтакунов иштин чуулгандуулугуна карабай судья ушул кезге чейин жыйынды сүрөт жана видеого тартууга тыюу салып келе жатканына нааразы болду.

«Мен буга таң калып жатам, эл чындыкты билүүгө жана жыйында эмне сөз болгонун билүүгө укуктуу. Эмне себептен иликтөөчү-журналисттерге ушундай олчойгон арыз жазылганын билиши керек. Райымбек Матраимов өзүнүн коррупционер экенин мойнуна алгандан кийин бул маселе ансайын актуалдуу болуп кетпедиби. Өзүнүн коррупционер экенин мойнуна алган адам, анын коррупциялык иштеринин бетин ачкан журналисттерди сотко берип жатат. Бул деген анекдот», – деп билдирди Токтакунов.

«Клооптун» адвокаты Фатима Якупбаеванын оюнча, сот жыйынды процессуалдык жагынан «кынтыксыз» караштыруу максатында башка күнгө которгон, себеби ага чоң көңүл бурулууда.

«Балким доочунун адвокаттарынын ишеним катка байланыштуу кылгандары атайлап жасалгандыр, анткени алардын ишеним катынын мөөнөтү 2020-жылдын 27-ноябрында эле бүткөн. Бир жарым ай гана өттү. Жаңы ишеним кат качан берилгенин билбейбиз», — деди ал.

ЖМКга каршы доо арыз

Матраимовдор 2019-жылдын декабрь айынын ортосунда «Азаттык», «Клооп», 24.kg басылмаларын жана журналист Али Токтакуновду сотко берген. Алар журналисттерди үй-бүлөсүнүн ар-намысы менен ишкердик беделине шек келдтиришкен деп айыпташууда. Алгач алар «Азаттыктан» 22,5 млн сом, 24.kgден 15 млн сом, «Клооптон» 12,5 млн сом жана Токтакуновдон 10 млн сом кун талап кылышкан.

Иликтөөгө катышпаган, болгону өз бандамасын чыгарган 24.kg басымасы менен Матраимовдор доо талаптарын жарым-жартылай чакыртып алууну келишишкен. 24.kg бул иште жоопкер катары калып жатканы менен, Матраимовдор мындан ары алардан компенсация талап кылбайт жана сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Ошентип, Матраимовдор ЖМКлардан талап кылган кундун жалпы суммасы 45 млн сомду түзөт.

«Чек арасыз репортёрлор» (RSF) эл аралык уюму ЖМКларды коргоп билдирүү чыгарган. RSF доону «сандырак» деп атап, Свердлов райондук сотун аны четке кагууга чакырган.

Сот отуруму көп жолу жылдырылып, ошол себептен доо эмдигиче маңызы боюнча карала элек. Декабрга белгиленген акыркы сот отуруму судья Жылдыз Ибраимованын жоктугунан улам өтпөй калган.