Kaktus.media басылмасы Ош шаарындагы Ак-Буура дайрасынын жээгин кайсыл фирма оңдоп-түздөп жатканын жана ал компаниянын артында кимдер турарын иликтеди. Журналисттер «Мекеним Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партияларынын негиздөөчүсү Айбек Осмоновдун байланышын аныкташты.

Сарыбашев Ак-Бууранын жээгине капсула салып жатат. Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев 2020-жылдын 7-августунда Ак-Буура дайрасынын жээгин оңдоп-түздөө башталган жерде капсула салган. Журналисттердин маалыматына караганда, дайранын 5 километрге жакыны оңдолот: дамба курулуп, жээктери бекемделип, аймагы жашылдандырылат.

Бийлик долбоор үчүн 252 млн сом бөлгөн, анын 60 млн сому Ош мэриясынын бюджетинен каралган.


«Азыр климат өзгөрүп жатат, күтпөгөн жерден сел капташы мүмкүн. Биринчи маселе – дарыянын жээктерин бекемдөө керек. Суу киргенде эл өзү рахмат айтат», – деген Оштун мэри иш-чарадагы сүйлөгөн сөзүндө.


Kaktus.media басылмасынын Оштогу редакциясы ири тендерди утуп алган компанияны аныктады — ал ЖЧК «Капитал Курулуш» фирмасы. Компаниянын директору жана менчик ээлеринин бири Мадишов Кыялбек Насирович, башка дагы эки менчик ээлери — Кадаев Канатбек Дүйшөбаевич жана Апсаттаров Баялы Апсаттарович.

Кеңсеси кайсыл жерде?

Юстиция министрлигинин сайтындагы юридикалык жактардын мамлекеттик реестринде «Капитал Курулуш» Ошто, Касымбеков 8 дареги боюнча катталганы көрсөтүлгөн. Kaktus.media-Osh басылмасынын журналисти бул фирманы бир нече саат издегенине карабай таппай койгон.

Кадастр кызматынын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн дарек боюнча эч кандай курулуштар жок, жер участогу Замира Калдарбековна Маткеримовага таандык. 2gis.kg колдонмосу фирма автоунаа жуучу жайда жайгашканын көрсөтөт.

Эмне болгон өнөктөштөр?

Журналисттер Баялы Апсаттаров турак-жай жана адам жашабай турган имараттарды куруучу башка да бир нече фирманы түптөп, жетектеп келе жатканын ачык булактардан аныкташкан — «KG СТРОЙ» жана «Ал-Ихлас» ЖЧКсы.

«Ал Ихластын» негиздөөчүсү катары башка фирма көрсөтүлгөн — бул жеке ишкер Нурбек Осмонов ээлик кылган «Кыргыз Каганаты» фирмасы. Анын бир тууганы Айбек Осмонов дароо эки партияны негиздеп, алар октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан — «Мекеним Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» саясий партиялары.

Осмонов чуулардан кийин эки партиядан тең чыгып кеткен. Кийинчерээк Кудрет Тайчабаров бир туугандарга Матраимовдордун үй-бүлөсү басым кылып жатканын билдирген.

«Мекеним Кыргызстан» партиясын Матраимовдор кланы менен дагы байланыштырып келишет — парламент депутаты Искендер Матраимов партиянын тизмесинде онунчу катарда болгон, ал эми иниси, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов журналситтердин бир нече сериалуу журналисттик иликтөөлөрүнөн кийин өлкөдөгү коррупциянын символуна айланган.

Салыктарчы, салыктар эмне болду?

«Капитал Курулуштун» жетекчилери дагы кайсыл компаниялар менен байланыш экени белгилүү болгондон кийин журналисттер алардын киришелерин жана төккөн салыктарын дагы текшерип көрүүнү чечишкен.

Апсаттаров жетектеген «KG строй» компаниясы 2011-2016-жылдары мамбюджеттен дээрлик 68 млн сом алып, анын ичинен 2014-жылга чейин 940 миң сомдон бир аз көбүрөөк салык төккөн.

Журналисттер ачык булактардан 2015-2016-жылдарга төгүлгөн салыктар тууралуу маалыматтарды табышкан жок, анткен менен бул эки жылда «KG строй» мамбюджеттен дээрлик 10 млн сом алган.

Мадишовдун экинчи өнөктөшү Канатбек Кадаев дагы бир нече компанияга ээлик кылат: «Новый город» жана «Аззахабу ЛТД» курулуш фирмалары. «Новый город» 2015-2020-жылдары мамбюджеттен дээрлик жарым миллиард сом алган, ошол эле учурда болгону дээрлик 15 млн сом салык төккөн.

Журналисттер Кадаев менен Апсаттаровдун жогоруда аталган фирмаларынын «бардыгы» Ошто бир эле дарек боюнча катталганын белгилешет.


«Демек мындайча жыйынтык чыгарса болот: Ак-Бууранын жанындагы аймакты реконструкция кыла турган “Капитал Курулуштун” ээлеринин жакшы тааныш-билиштери бар. Компания ири суммадагы мамтендерлерди утуп келген башка дагы фирмалар менен байланыштуу. Ошол эле учурда анын кеңсеси жок», — деп жыйынтыкташат иликтөөнү Kaktus.mediaнын журналисттери.