Өлкөдө 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. «Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча 1500 мыйзам бузуу жана окуяларды каттады. Ал эми юристтерибиз 210 УШКда добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда.

Биз «Клоопто» мурда болуп көрбөгөндөй кампанияны ишке ашырдык: биз шайлоо участкаларында байкоочу боло турган 1000ден ашык адам жана өлкө боюнча 500 штаттан тышкары кабарчыларды чогулттук. Өткөн жылдын декабрь айында биз байкоочуларга мыйзам бузууларды аныктоого жана аларды камерага тартып, бизге жөнөтүп турууга жигердүү үйрөттүк.

Шайлоо күнү байкоочуларыбыз жөнөткөн сүрөт-видеолорду маалында сиздер менен бөлүшүп жаттык. Биздин текшерүүчүлөр алардын билдирмелеринин аныктыгын жана тактыгын дыкат текшерип, ал эми юристтерибиз онлайн режимде байкоочуларга ошол замат бул мыйзам бузуулар боюнча арыз жана актыларды түзүүгө жардам берип жатышты.

«Клооптун» верификаторлору жана юристтери байкоочулардын бардык билдирүүлөрүн реалдуу убакыт режиминде текшерип, жарыялап жатышты

10-январь күнү эртеден кечке чейин биздин байкоочулар шайлоо кандай өтүп жатканына көз салып турушту. Мындан тышкары, биздин мобилдик топтор участкаларды кыдырып, УШКнын ичи-сыртындагы мыйзам бузууларды каттап турушкан — андай топтордун катарында атайын кабарчыларыбыз иштешкен.

Шайлоо күнү Кыргызстандын бардык аймактарынан бузуулар же техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу билдирүүлөр мүнөт сайын келип жатты. Так айта турган болсок, 17 жумуш сааты аралыгында 1500гө чукул мандемдүү көрүнүшттөр жана бузуулар тууралуу билдирүү келген.

Учурда биз өлкөнүн ар бурчунан жөнөтүлгөн маалыматтарды дагы бир жолу дыкат талдап чыгып, эми аларды сиздерге көрсөтүүгө даярбыз! Биз сиздерге айтып бере турган мыйзам бузуулардын баары актыларда сүрөт жана видео далилдер жана күбөлөрдүн колдору менен каттоого алынып, шайлоо күнү УШКларга даттанылган.

210 УШКда шайлоону жокко чыгаруу

Маанилүүсүнөн баштайлы — «Клооп» Кыргызстан боюнча 210 УШКнын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылат. Башка сөз менен айтканда, биздин оюбуз боюнча өлкө боюнча ачылган участкалардын 8%да одоно мыйзам бузуулар болгон, алар шайлоонун жыйынтыгына шек келтирет.

Байкоочулардан келген 1500 билдирүүнүн негизинде «Клооптун» юристтери Кыргызстан боюнча 40 аймактык шайлоо комиссияларында 22 даттанууну каттап, «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзам одоно бузулган 210 участоктогу шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты.

Бул УШКлардагы бузуулар ушунчалык олуттуу, ал эми биздеги далилдер танып кете алгыс ынанымдуу болгондуктан, Боршайком аты аталган участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарганы туура болот.

Келгиле биз аныктаган мыйзам бузуулардын негизгилерине чогуу көз салып көрөлү.

Көбүрөөк билүү үчүн кутучаларды басыңыз

Көрүнүп тургандай, биздин байкоочулар көпчүлүк учурда добуш берүүнүн купуялыгы бузулгандыгын билдиришкен. Алар 420 ирет катталган. Демек, шайлоо комиссиясынын мүчөсү же бейтааныш адам добуш берүүчү кабинанын же автоматтык эсептөөчү урнанын жанында өтө жакын турган. Мыйзам боюнча алар урнадан 1,5 метр алыс турушу керек. Кээ бир учурларда УШКнын мүчөлөрү бюллетенди сүрөткө тартып, шайлоочунун ордуна бюллетенди башка адам салып жаткан фактыларды көрмөксөн болушкан.

«Клооптун» байкоочуларынын билдирмелерине ылайык, добуш берүүнүн купуялуулугу

420 жолу бузулган

Мындай аракеттердин айынан шайлоочу мыйзам тарабынан кепилденген толук купуялуулукта ишеним арткысы келген талапкерди шайлай албай калган. Өлкөдө «административдик ресурс» абдан өнүккөн: адамдар жетекчиликтен коркушат, ал эми бир аз да болсо бийлигине таянып, урнанын жанына туруп алган УШКнын мүчөсү, шайлоочулардын үшүн алып коюшу мүмкүн, натыйжада шайлоочулар өздөрү каалагандай эмес, «кандай керек болсо ошондой» добуш берип коёт.

Өзгөчө эл аз отурукташкан айыл-кыштакта жашап-иштеген мамлекеттик кызматкерлерге кыйын болду – мисалы, шайлоочулар бири-бирин жакшы тааныган чакан айылдарда ким келгенин, кайсыл талапкерге добушун бергенин тез эле аныктап алууга болот.

Байкоочулардан келип түшкөн билдирүүлөрдүн көптүгү боюнча экинчи орунда электрондук урналардын (АСУ) иштебей калышы болду. Добуш берүү процессин автоматташтырууда Кыргызстан башка өлкөлөрдөн бир топ алдыда. 2017-жылдан тартып биздеги шайлоо участкалары автоматташтырылган электрондук ураналар менен 100% камсыздалган.

Электрондук урналар бюллетендердин жапырт салынышына жол бербейт, ошондой эле алар шайлоочу кимге добуш бергенине дароо аныктайт. Кечинде, өлкөдөгү участоктордун баары жабылып жатканда, биз бир сааттын ичинде шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын алабыз.

Мыйзам боюнча, ар бир участокто техникалык мүчүлүштүк жаралган учурда деп дагы бир кошумча электрондук урна жана эки кадимки ичи сырты көрүнгөн тунук урна коюлат. Эгер биринчи электрондук урна бузулуп калса, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү урна бузулгандыгы тууралуу акт түзүп, экинчисин коюшу керек. Ал эми кошумча деп алынып келинген экинчи урна дагы иштен чыгып калса, анда дагы акт түзүлүп, кадимки тунук урна колдонулат.

«Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча АСУнун ишиндеги

357 мыйзам бузууну аныктады

Негизи, электрондук урна техникалык мүчүлүштүктөн улам иштен чыкса — бул мыйзам бузуу болуп саналбайт. Бирок ушул сыяктуу ар бир мүчүлүштүк туура катталып, каралышы керек. Бирок, өлкө боюнча 63 участокто мындай иштер жасалган эмес.

Көп учурда УШК мүчөлөрү электрондук урна бузулганы тууралуу акт түзбөй туруп эле дароо кадимки тунук урнаны орнотуп, андан соң кайрадан бюллетендерди өзүм билемдик менен электрондук урнага (АСУ) салышкан.

Айрым участоктордо электрондук урналар иштен чыкканда бюллетендер урнанын үстүнө жыйылып, кийинчерээк УШК мүчөлөрү аларды өздөрү салышкан.

Оштогу №5283 участогу

Дагы 28 участкада урналар таптакыр пломбаланган эмес, айрым жерлерде пломба туура эмес чапталып, каалаган учурда урнаны ачып ала тургандай абал жаралган. Демек, мындай шартта добуш берүү ачык-айкын өттү, ошол күндүн жүрүшүндө урналар ачылган жок деп кепилдик бере албайбыз.

Албетте, аталган учурлардын бардыгы — бул «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын одоно бузулушу болуп саналат, андыктан ушундай бузуулар катталган участоктордогу жыйынтыктар жокко чыгарылышы керек.

Биздин байкоочулар жана штаттан тышкары кабарчылар участоктордо сүрөт, видео тартууга тыюу салып, же жөн гана участокто эркин жүрүүгө тоскоолдук кылып жатышканы тууралуу 90 ирет билдиришкен. Айрым учурларда аларды сотко беребиз деген коркутуулар да болгон.

Добуш берүүнүн автоматташтырылышы шайлоо күнү добуштарды жасалмалоонун санын (бюллетендерди жапырт салуу, бюллетендерди алмаштыруу жана б.у.с) дээрлик жокко чыгарды, эми негизги мыйзам бузуулар УШКлардын тышында болууда.

Бирок көпчүлүгүн сотто далилдөө кыйынга турат. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу андан дагы татаал. Бюджеттик кызматкерлерди массалык ташуу деген популярдуу көрүнүш болсо бузуу деп дагы саналбайт.

Шайлоонун алдында, 9-январда биздин байкоочулардын бири көчмө урна аркылуу добуш берүүгө катышкан. Добуш берүү Бишкектин №1343 шайлоо участкасында жүргөн. Мындай иш-чара ден соолугунан улам участкага бара албаган адамдар үчүн уюштурулат.

Биздин байкоочу үйдөн добуш берген айрым адамдар дени сак эле жаш жигиттер болуп чыкканын аныктаган. Анын айтымында, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун байкоочусу телефон аркылуу утур-утур жергиликтүү үй башчылары менен байланышып, аларга азыр көчмө добуш берүү үчүн УШКнын мүчөлөрү бара турганын айтып эскертип турган.

Ошол күнү добуш берип чыккан жаш жигит байкоочубузга күн мурун ата-энеси талапкерлердин биринин атынан азык-түлүк баштыгын алганын айтып берген. Андан кийин, анын айтымында, үй башчысы аны дени сак экенине карабастан УШКдан тыш добуш бере тургандардын тизмесине киргизген.

Ушул жана башка бардык бузуулар боюнча биздин юристтер добуш берүү соңуна чыккандан кийин үч сутка иштешти. Алар аймактык шайлоо комиссияларына доо арыз калтырып, бизде топтолгон далилдерди иреттешкен.

Жыйынтыгында, алар Кыргызстан боюнча 210 УШКдагы бузууларга 22 даттанууну жол-жоболоштурушкан.


Биз колубуздагы бардык материалдар мыйзам бузуу катталган участоктордогу шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга жетиштүү деп эсептейбиз.


Бизде, «Клооп» үчүн шайлоодо кайсы талапкер жана кайсы башкаруу формасы утуп кеткени маанилүү эмес. Бизге шайлоо процессинин өзү мүмкүн болушунча таза жана акыйкат өтүүсү маанилүү. Башкысы, ар бир кыргызстандык эркин тандоо кылып, анын добушу эсептелинерине көзү жетиши керек.

Биз дагы бир ирет биздин кампанияга кошулган жигердүү жарандардын бардагына ыраазычылык билдиребиз. Биз силердин жардамдын арты менен гана бул мыйзам бузуулардын баарын каттап, алар тууралуу сайтыбызды окуган жүз миңдеген окурмандарыбызга айтып бере алдык. Эми биз сиздер айтып берген бир дагы мыйзам бузуу териштирүүсүз калбашы үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз.

Учурда кээ бирөөлөргө УШК менен АШКлардын төрага, төрайымдары чалып, даттанууларды кайтарып алууну, жарыяланган видеолорду өчүрүп салууну суранып жана коркутуп жаткандарын түшүнөбүз. Ар бир ушундай учур боюнча биздин юристтер сиздерге толук коргоону камсыздап берип, ишти сотко чейин алып барууга даяр.

Жалпылап айтканда, бул жыл Кыргызстан үчүн кызыктуу болот. Алдыда бизди Конституциялык реформа боюнча референдум, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана парламенттик шайлоо дагы күтүп турат.

Балким, сиздер түшүнүп тургандай эле биз байкоо боюнча долбоорубузду аяктаганга шашылган жокпуз, тескерисинсе, кампаниябызды мындан да сапаттуу жана машстабдуу кылабыз!

Урматтуу окурмандар! Биз ушул шайлоо мүмкүн болушунча таза жана акыйкат өтүшү үчүн байкоочулар командабыз менен бирге эбегейсиз чоң иш жасадык. Бул текстти жакындарыңызга жана досторуңузга бөлүшүп, одоно мыйзам бузуулар катталган участоктордогу добуштарды жокко чыгарууга жардам бериңиз. Рахмат!

«Адилетсиздикке» каршы күрөштө «Клоопту» колдогуңуздар келеби? Анда биз үчүн донор болуп бериңиз!

Автору: Нуржамал Жаныбекова

Маалымат менен иштеген: Екатерина Резникова

Редакторлор: Азиза Раимбердиева, Бектур Искендер