УКМК: Курчап турган чөйрөнү коргоо мамагенттигинде коррупция аныкталды

УКМКнын басма сөз кызматы Курчап турган чөйрөнү коргоо мамагенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгында коррупцялык схема аныкталганын билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, экологиялык экспертизанын керектүүдөй жыйынтыгын чыгарып берүү үчүн акча опузаланып турган. Агенттиктин бир нече кызматкери компанияларды аталган корутундунун ордуна 500дөн 5000 долларга чейин пара берүүгө мажбурлашкан.

14-январда Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин улук инспектору пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМК коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды дагы издеп жатат.