Кыргызстанда коронавирус 69 кишиде аныкталды — жалпы 83 178 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 18-январда өлкөдө коронавирустун жаңы 69 учуру катталганын маалымдады. Жаңы учурлардын 14ү лабораториялык тастыкталган, ал эми калган 55 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыкты.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 28. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда — 19, Чүй облусунда — 11, Ош шаарында жети, Жалал-Абад облусунда үч жана Ош облусунда бир кишиден COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Өткөн суткада коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 110ду түздү — анын ичинде төрт медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 55, Чүй облусунда — 31, Жалал-Абад облусунда тогуз, Ош облусунда сегиз, Ысык-Көл облусунда алты жана Ош шаарында бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында үч бейтаптын өмүрүн алды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 83 178ге жетти. Анын ичинен 79 104 бейтап айыгып, 1 387 киши көз жумду.

Жалпысынан COVID-19дун аймактар боюнча көрсөткүчү:

Бишкек шаарында — 27 795;

Чүй облусунда — 12 036;

Жалал-Абад облусунда — 9 895;

Ош облусунда — 8 360;

Ысык-Көл облусунда — 7 477;

Баткен облусунда — 7 172;

Ош шаарында — 5 554;

Талас облусунда — 2 574;

Нарын облусунда — 2 315.

Бүгүнкү күндө илдеттен 790 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 40 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 967 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.