Шайлоодогу мыйзам бузуулар. БШК менен «Клооптун» өкүлдөрүнүн жолугушуусу кандай өттү?

16-январда БШКда президенттик шайлоо жана референдум учурундагы бузуулар боюнча Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы (БАШК) менен «Клооптун» өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Алар «Клооптун» байкоочулары Бишкекте каттого алган бузуулардын фото жана видео далилдерин кароого алды. Жолугушууга Бишкектеги бир нече УШКнын төрагалары дагы катышты.

«Клооптун» юристтери борбор калаанын аймагында болгон 65 бузуу боюнча доо арыз жазышкан. Эң эле көп кездешкен бузуулардын бири болуп АСУ иштебей калган учурда акты түзүлбөй жана добуш берүүнүн купуялуулугу сакталбагандыгы эсептелет.

«Эгерде аппарат өз функциясын 1 мүнөттөн ашык аткарбаса, 10 мүнөткө иштебей калса, бул иштен чыгуу. Бул техника, биз муну мыйзам бузуу деп эсептебейбиз. Бирок УШК мүчөлөрүнүн техниканын иштен чыккандыгы тууралуу акт түзбөгөндүгүн бузуу деп эсептейбиз. Мыйзам боюнча АСУ иштебей калганда аны кайрадан колдонууга тыйуу салынат. Мындай учурлар дагы бар», — деп билдирди «Клооптун» юристи Фатима Якупбаева.

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов АСУнун жыйынтыгы юридикалык күчкө ээ эместигин айтты.

«Шайлоонун жыйынтыгын кол менен саноодон кийин гана чыгарабыз. Электрондук урналардын жыйынтыгы алдын-ала жыйынтыкты билүү үчүн гана керек», — деди Маматов.

Чогулгандар бузуулардын фото жана видеолорун толугу менен көрүп чыгышты. Талкуунун жыйынтыгында «Клооптун» юристтери Бишкектин аймагындагы шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын толугу менен жокко чыгаруу талабын артка чакыртып алышты. Ал эми 12 УШК төрагасынын иш-аракетин мыйзам бузуу деп табуу боюнча талабын калтырышты.

«65 УШКнын ичинен 12 УШКнын ишиндеги бузуулар далилдүү деп табылды. Алар боюнча УШК төрагаларынын иш-аракетин жана аракетсиздигин мыйзамсыз деп табуу талабын калтырдык, ал эми жыйынтыкты жокко чыгаруу талабынан баш тарттык», — деп комментарий берди Фатима Якупбаева жолугушуу боюнча.

Жолугушуунун аягында Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 11 УШК төрагасына түшүндүрүү ишин жүргүзүү чечимин кабыл алынды.

«№1036 участкасы боюнча АШК мүчөлөрү иштин материалдарын укук коргоо органдарына өткөрмөй болушту. Анда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган, видео далил бар, БАШК аны моюнга алды», — деп кошумчалады Якупбаева.

«Клооп» шайлоодо Кыргызстандын аймактарында катталган бузуулар боюнча дагы даттанып, бүгүнкү күнгө чейин мыйзам бузуу болгон УШКларда добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгартуу аракетин көрүүдө. Аларды кароо боюнча отурумдардын күнү белгиленген.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

Өлкөдө 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. «Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча 1500 мыйзам бузуу жана башка окуяларды каттады.

Шайлоо күнү Кыргызстандын бардык аймактарынан бузуулар же техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу билдирүүлөр мүнөт сайын келип жатты. Так айта турган болсок, 17 жумуш сааты аралыгында 1500гө чукул мандемдүү көрүнүшттөр жана бузуулар тууралуу билдирүү келген. Өлкө боюнча ачылган участкалардын бери эле дегенде 8%да одоно мыйзам бузуулар болгон, алар шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санатат.

«Клооптун» байкоочулары көбүнесе добуш берүүнүн купуялыгы бузулгандыгын билдиришкен. Алар 420 ирет катталган. Демек, шайлоо комиссиясынын мүчөсү же бейтааныш адам добуш берүүчү кабинанын же автоматтык эсептөөчү урнанын жанында өтө жакын турган. Мыйзам боюнча алар урнадан 1,5 метр алыс турушу керек. Кээ бир учурларда УШКнын мүчөлөрү бюллетенди сүрөткө тартып, шайлоочунун ордуна бюллетенди башка адам салып жаткан фактыларды көрмөксөнсөнгө салган.

Мындай аракеттердин айынан шайлоочу мыйзам тарабынан кепилденген толук купуялуулукта ишеним арткысы келген талапкерди шайлай албай калган.

Экинчи иретте байкоочуларыбыз атоматтык урналарлын (АСУ) ишиндеги бузуулар көп катталып жатканын кабарлап жатты. Мыйзам боюнча, ар бир участокто техникалык мүчүлүштүк жаралган учурда деп дагы бир кошумча электрондук урна жана эки кадимки ичи сырты көрүнгөн тунук урна коюлат.

Эгер биринчи электрондук урна бузулуп калса, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү урна бузулгандыгы тууралуу акт түзүп, экинчисин коюшу керек. Ал эми кошумча деп алынып келинген экинчи урна дагы иштен чыгып калса, анда дагы акт түзүлүп, кадимки тунук урна колдонулат. «Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча АСУнун ишиндеги 357 мыйзам бузууну аныкташкан.

Көп учурда УШК мүчөлөрү электрондук урна бузулганы тууралуу акт түзбөй туруп эле дароо кадимки тунук урнаны орнотуп, андан соң кайрадан бюллетендерди өзүм билемдик менен электрондук урнага (АСУ) салышкан.

Айрым участоктордо электрондук урналар иштен чыкканда бюллетендер урнанын үстүнө жыйылып, кийинчерээк УШК мүчөлөрү аларды өздөрү салышкан.